Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ОшТВга каршы козголгон кылмыш ишинин алкагында 3-февралда телеканалдын башкы директорун суракка алды. ОшТВ «аймактар аралык кастыкты козуткан» деп айыпталып жатат.
Телеканалдын башкы директору Эрнис Кыязов 3-февраль күнү УКМКнын Оштогу бөлүмүнө суракка чакырылган. Ал Kloop.kgге берген маегинде сурактын жүрүшүндө атайын кызматтын өкүлдөрү ОшТВнын ишмердүүлүгүнө кызыккандыктарын айтты.
«ОшТВда ким эмне менен алектене тургандыгын, эфирди ким алып бараарын, журналисттер, башкы директор эмне менен алектене тургандыгы боюнча суроолорду беришти», — деди ал.
Кыязов УКМКнын кызматкерлери телеканалга каршы кылмыш ишинин козголушуна себеп болгон СМС-билдирүүлөрдү көрсөтпөгөндүктөрүн белгиледи. Атайын кызматтагылардын версиялары боюнча, ал билдирүүлөрдө «өлкөнү түндүк-түштүккө бөлүү белгилери» бар болгон.
«Биз өлкөнү түндүк-түштүккө бөлүү жөнүндө айтылган сөздөрдү ким айткандыгы, кайсы фразалар, кайсы сөздөр же кайсы маек аркылуу айткандыгы жазылган кагазды көргөн жокпуз», — деди телеканалдын башчысы.
УКМКнын басма сөз кызматынын аты-жөнүн айтуудан баш тарткан кызматкери Kloop.kgге берген маегинде Кыязовду суракка албагандыктарын, жөн гана күбө катары суроолорду берүү үчүн чакыргандыктарын айтты.
«Кыязов билдирүүлөрү аркылуу өзүн пиар кылып жатат. Биз жөн гана андан телеканалдын ишмердүүлүгү тууралуу сурадык», — деди УКМКнын кызматкери.
Ал ОшТВга каршы кайсы СМС-билдирүүлөр үчүн кылмыш иши козголгондугун так айтып бере алган жок. Бирок учурда тергөө иштери жана филологиялык экспертизалар жүрүп жатканын кошумчалады.
ОшТВны кысымга алуу
ОшТВга каршы кылмыш иши 29-январь күнү козголгон — атайын кызматтагылардын версиялары боюнча, телеканал эфири аркылуу «аймактар аралык кастыкты козутуунун» жана «өлкөнү түндүк-түштүккө бөлүүнүн белгилери бар» СМС-билдирүүлөрдү кетирген.
Андан соң 31-январда «тергөө үчүн керектүү документтерди табуу» максатында телеканалдын кеңсесинде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.
ОшТВнын башчысы телеканалга карата жасалган мындай аракеттерди бийлик тарабынан басым жасоо менен байланыштырууда. Ал тинтүү иштери Ош мамлекеттик университети тарабынан даттануулар болгондон кийин башталгандыгын айтып жатат.
«Кептин жөнү мындай, ОшМУнун ректору — Каныбек Исаков — КСДП фракциясынан Ош шаардык кеңешинин депутаты. Бир нерсени түшүндүңөрбү? Анда азаматсыңар», — деп жазган Кыязов Facebook коомдун желесиндеги баракчасына.
Кыязов баракчасына чыгарган Ош шаардык сотунун токтомунда кеп улуттар аралык же аймактар аралык кастыкты козутуу жөнүндө гана болгон эмес.
Анда СМС-билдирүүлөр аркылуу «эч кандай фактысы жок, өлкөнүн жетекчилигинин саясий багытына нааразы болгон объективсиз жана бир тараптуу маалыматтар тууралуу кескин түрдө айтылгандыгы» да жазылган.
Автор: Эльдос Казыбеков