Беш күндөн бери Бишкектеги эң жогорку температура нөлдөн көтөрүлбөй эле, а суткалык орточо температура минус 15 градустун айланасында болууда. Kloop.kgнин фотокабарчылары борбор менен анын айланасындагы аяздын бардык кооздугун сүрөткө тартышкан.
Бишкекте суук 30-январдан 31-январга караган түнү башталган. Андан бери термометрдин көрсөткүчү нөлдөн жогору көтөрүлө элек.
Синоптиктердин маалыматтарына ылайык, Бишкектеги суук кеминде дагы беш күн кармалып турат.
Температуранын төмөн болушу менен бирге февралдын башталышы мезгил-мезгили менен кардын жаашы менен коштолууда. Өз кезегинде бул укмуштуудай пейзаждын жаралышына алып келди.
Бишкектин эң белгилүү жайлары башкача көрүнүшкө ээ болгон:
Негизинен Кыргызстандын борборундагы суук анча көпкө созулбай, жааган кар дагы тез ээрип баткакка айланып калчу. Бирок бул жолкусунда андай болбой кар эстеликтердин үстүлөрүнө чогулуп калууда:
Үйлөрдүн чатырларына:
Жол көрсөткүчтөргө:
Кийимдердин үстүнө чогулуп калууда:
Балдар үшүп жатышат:
Аскерлер үшүп жатышат:
Малдар үшүп жатышат:
Экскаваторлор тоңуп турушат:
Бул күчүктөр үшүшпөйт. Алар жаңы конуштардын бириндеги үйлөрдүн күнөстүү тарабында жылынышат:
Суукка карабастан Бишкектин борборундагы жашоо токтоп калган жок:
Унаалардын кыймылы жылуу күндөрдөгүдөй эле жандуу:
Коомдук транспорт борбор менен бирге анын чек жактарын да тейлөөсүн улантууда:
Шаардык таштандыларды таштоо жайында да жашоо уланууда:
Кимдир бирөөнө суук кубаныч тартуулоодо:
Кимдир бирөөнө көмүрдү адаттагыдан ашыкча камдоого туура келүүдө:
Кимдир бирөөнө күн сайын жолдорду тазалоого туура келүүдө:
Биринчи караганда борборго жакын жайгашкан айылдарда дээрлик адам жоктой көрүнөт:
Кээ бирде жалгыз арабакеч жолугат:
Бишкектин чети ээн сыяктанат:
Бирок суук кандай гана дөңсөө болбосун муз тебүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү берет. Шаар четиндеги айыл тургундары ушул жерлерде турбайбы:
Тоо лыжа курортторуна барууга мүмкүнчүлүктөрү жоктор жакынкы дөбөлөргө барып, целлофан менен төмөн түшүп жатышат:
Тексттин автору: Бектур Искендер
Сүрөттөрдүн авторлору: Гүлжан Турдубаева, Нуриза Самарбекова жана Канболот Абылкасым уулу
