Беш күндөн бери Бишкектеги эң жогорку температура нөлдөн көтөрүлбөй эле, а суткалык орточо температура минус 15 градустун айланасында болууда. Kloop.kgнин фотокабарчылары борбор менен анын айланасындагы аяздын бардык кооздугун сүрөткө тартышкан.
Бишкекте суук 30-январдан 31-январга караган түнү башталган. Андан бери термометрдин көрсөткүчү нөлдөн жогору көтөрүлө элек.Синоптиктердин маалыматтарына ылайык, Бишкектеги суук кеминде дагы беш күн кармалып турат.
Температуранын төмөн болушу менен бирге февралдын башталышы мезгил-мезгили менен кардын жаашы менен коштолууда. Өз кезегинде бул укмуштуудай пейзаждын жаралышына алып келди.
Бишкектин эң белгилүү жайлары башкача көрүнүшкө ээ болгон:
Негизинен Кыргызстандын борборундагы суук анча көпкө созулбай, жааган кар дагы тез ээрип баткакка айланып калчу. Бирок бул жолкусунда андай болбой кар эстеликтердин үстүлөрүнө чогулуп калууда:
Үйлөрдүн чатырларына:
Жол көрсөткүчтөргө:
Кийимдердин үстүнө чогулуп калууда:
Балдар үшүп жатышат:
Аскерлер үшүп жатышат:
Малдар үшүп жатышат:
Экскаваторлор тоңуп турушат:Бул күчүктөр үшүшпөйт. Алар жаңы конуштардын бириндеги үйлөрдүн күнөстүү тарабында жылынышат:
Суукка карабастан Бишкектин борборундагы жашоо токтоп калган жок:
Унаалардын кыймылы жылуу күндөрдөгүдөй эле жандуу:
Коомдук транспорт борбор менен бирге анын чек жактарын да тейлөөсүн улантууда:
Шаардык таштандыларды таштоо жайында да жашоо уланууда:
Кимдир бирөөнө суук кубаныч тартуулоодо:
Кимдир бирөөнө көмүрдү адаттагыдан ашыкча камдоого туура келүүдө:
Кимдир бирөөнө күн сайын жолдорду тазалоого туура келүүдө:
Биринчи караганда борборго жакын жайгашкан айылдарда дээрлик адам жоктой көрүнөт:
Кээ бирде жалгыз арабакеч жолугат:
Бишкектин чети ээн сыяктанат:
Бирок суук кандай гана дөңсөө болбосун муз тебүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү берет. Шаар четиндеги айыл тургундары ушул жерлерде турбайбы:
Тоо лыжа курортторуна барууга мүмкүнчүлүктөрү жоктор жакынкы дөбөлөргө барып, целлофан менен төмөн түшүп жатышат:Тексттин автору: Бектур Искендер
Сүрөттөрдүн авторлору: Гүлжан Турдубаева, Нуриза Самарбекова жана Канболот Абылкасым уулу