Саруулуктар тарабынан тосулган Балыкчы-Каракол унаа жолу жабык бойдон калууда

Балыкчы-Каракол унаа жолу кармалган айылдаштарынын бошотулушун талап кылып жаткан Саруу айылынын жашоочулары тарабынан тосулган бойдон калууда.

Учурда милиция демонстранттарды Ысык-Көл облусундагы Балыкчы-Каракол унаа жолун ачууга чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсү боюнча, жол тосулган жерге саруулуктарды тынчтыкка жана тартипке чакыруу үчүн жакынкы айылдардын 100гө жакын жашоочулары да барышкан.

«Саруу айылынын жашоочулары сүйлөшүүдөн баш тартышкандыктан Жети-Өгүз районунун тургундарынын аракеттери эч кандай жакшы натыйжа берген жок», — деп жазылган пресс-релизде.

Демонстранттар жолду 2-февраль күнү кечинде тосушкан. Айтымдарында, алар мындай кадамга милиция тинтүү жүргүзүп, 15ке жакын айылдаштарын кармап кеткенден  кийин барышкан.

Өз кезегинде милиция ал рейддин себеби – үстүбүздөгү жылдын январынын ортосунан бери издөөдө жүргөн айыл жашоочусу Айбек Сарыбаев болгондугун билдирди. Ал өткөн жылдын 7-октябрында Караколдо өткөн митингди уюштурган жана анын жүрүшүндө өкмөт өкүлүн барымтага алган деп айыпталып жатат.

Милициянын версиясы боюнча, колго түшүрүү маалында Сарыбаев унаасы менен ыкчам топтун кызматкерлеринен жашырынууга аракет кылган, бирок жол кырсыгына туш болуп, жыйынтыгында колго түшкөн.

«Колго түшүрүү маалында ал ОИИБнин кызматкерлери тарабынан сабалгандай көрүнсүн деген максатта өз денесине өзү зыян келтирген. Мындан улам медициналык текшерүү жүргүзүлдү», — деп жазылган милициянын билдирүүсүндө.

Сарыбаев менен бирге милицияга айылдын дагы 6 жашоочусу жеткирилген.

Автор: Эльдияр Арыкбаев