Сузактагы мечиттин экинчи кабатынын урап түшүшү боюнча кылмыш иши козголду

Сузак райондук милициясы 50дөн ашык киши жабыркаган айылдык мечиттин экинчи кабатынын урап түшүшү боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кырсык 3-февраль күнү көзү өтүп кеткен адамдын жаназасы окулуп жатканда болгон — Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Күмүш-Азиз айылында мечиттин экинчи кабаты урап түшүп 50дөн ашык киши жабыркаган.

Мечиттин үстүнө курулуп бүткөн кабаты андагы адамдарды көтөрө албай урап түшкөн жантайма тактайлардан салынган, деп түшүндүрүштү облустук милициядан.

Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Нурбек Жаныбеков Kloop.kgге берген маегинде кылмыш иши курулуш нормаларынын сакталбагандыгы фактысы боюнча козголгонун айтты.

«Архитектурадагы, мамлекеттик каттоодогу документтерди текшере турган атайын комиссия түзүлдү. Мыйзамдуу же мыйзамсыз курулганын текшеребиз. Корутундунун негизинде кырсыкка кимдин күнөөлүү экендиги аныкталат», — деди ал.

РИИБнин башчысынын айтымында, болжолдуу маалыматтар боюнча, экинчи кабат медресенин ичинен курулуп бүткөн жана имараттын долбооруна туура келген эмес.

Учурда жабырлангандардын саны 57 кишини түзөт, алардын 7си ооруканага жаткырылышкан. Калгандары амбулаториялык жардам алышып, үй-үйлөрүнө тарап кетишкен. Жараат алгандардын абалдары «туруктуу», деди райондук милициянын башчысы.

Автор: Нуриза Самарбекова