Ууга чыккан адамдын денеси төрт күндөн кийин көчкү астынан табылды

Эрнис Мамбеталиев Абла жайлоосуна эки шериги менен аңчылыкка чыгып көчкү астында калган. Бул кабарды Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Мамбеталиевдин шериктери билдиришкен.

“Бүгүн эртең менен кар астында калган Эрнис Мамбеталиевдин сөөгү туугандары тарабынан табылган”,-деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Буга чейин 2-февралда ӨКМдин алты кишиден турган куткаруучу тобу Мамбеталиевдин шериктери берген көрсөтмө менен барып, аба ырайы татаал болгондуктан издөөсүн уланта алышкан эмес.

Абла жайлоосу Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 120-чакырымына туура келген аймакта жайгашкан.

Автор: Тазим Жекшенбаева