Бишкектин кичи райондору менен бир катар конуштары 5-февраль күнү кечинде кыска убакытка электр жарыгысыз калышат. «Түндүкэлектр» ал өчүрүүлөрдү жабдуулардын жүктөлүшү менен түшүндүрүүдө.
Электр жарыгы кургак учук ооруканасынын аймагында, «Красный строитель», «Заводской поселок», «Энесай», «Келечек», «Дордой» жана «Аска-Таш» конуштарында өчүрүлөт.
Элебесов, Бакинский, Фере, Фирсов, Месароша көчөлөрүнүн жана «Кудайберген» базарынын айырым бөлүктөрү да убактылуу электр жарыгы жок калышат.
5чи, 7чи, 8чи жана 10-кичи райондордо өчүрүүлөр эртең мененки саат 07:00дө башталып 19:00гө чейин созулат.
7чи, 9чу жана 10-кичи райондордун айрым бөлүктөрүндө өчүрүүлөр 21:00дөн 23:00гө чейинки, ал эми 6чы, 11чи жана «Асанбай» кичи райондорунда — 23:00дөн 01:00гө чейинки убактарда башталат.
«Түндүкэлектрдин» маалыматы боюнча, Бишкекте электр энергиясын суткалык колдонуу нормадан саатына 6 млн кВтка ашып кеткен. Борбор үчүн электр жарыгын колдонуунун нормасы — саатына 11,6 млн кВт.
Автор: Мария Гребнева