Парламент «Кумтөр» боюнча меморандумду кароону эртеңкиге калтырды

Парламент депутаттары көпчүлүк добуш менен «Кумтөр» алтын кени боюнча токтомду кароону эртеңкиге жылдыруу чечимине келишти.

Парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков токтомду кароонун жылдырылганын “Кумтөр» маселеси «өтө оор тема” болгондугу менен түшүндүрдү.

Талкуу 5-февраль күнү эртең менен башталышы керек болчу, бирок депутаттар аны алгач түштөн кийинкиге, андан соң бейшемби күнкүгө жылдыруу чечимине келишти.

Жыйында парламенттик «Республика» фракциясы өкмөткө ишембөөчүлүк көрсөтүү маселесин козгоду.

“Биздин фракция «Кумтөр» боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарын карап чыгып, өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимине келди”, — деп билдирди фракция лидери Назарали Арипов.

«Республикачылардын» пикирлеринде, алардын мындай чечим кабыл алуусуна өкмөттүн «Кумтөр» биргелешкен долбоорундагы Кыргызстандын үлүшүн 50 пайыздан 67 пайызга чейин көбөйтүү боюнча парламенттин талабын аткарбагандыгы себеп болгон.

Өкмөт менен «Центерра Голд» өткөн жылдын декабрынын соңунда “Кумтөр” алтын кенине бирдей үлүштө ээлик кылуу боюнча макулдашышкан болчу.

«Кумтөргө» ээлик кылуу маселеси 2012-жылдан – оппозиция негизги талаптарынын бири катары кенди улутташтыруу керектигин айтып баштагандан бери Кыргызстандын саясатында негизги ролду ойной баштаган.

Бүгүнкү күндө «Кумтор Оперейтинг Компани» компаниясы  толугу менен «Центерра Голдго» таандык, өз кезегинде анын акцияларынын 33 пайызы Кыргызстандын өкмөтүнө тиешелүү.

Автор: Айзирек Алмазбекова