Жаңы айыл чарба министри шайланды

Айыл чарба министри болуп Үрөнчүлүк чарбасы Ассоциациясынын президенти Таалайбек Айдаралиев шайланды.

Парламент Айдаралиевдин талапкерлигин жактырды.

Жаңы министр парламент жыйынында биринчи кезекте айыл чарбасы менен алектенген фермерлерге түзүлгөн шарттарды жакшыртуу ниети бар экенин билдирди.

“Үрөнчүлүк чарбасында реформаларды жасаш керек. Дыйкандарды жер семирткичтер менен камсыз кылып, кызылча, картөшкө, төө бурчактардын  аянттарын кеңейтүү зарыл. Дыйкандарды керектүү шаймандар менен камсыздап, жаңы калдыксыз комбайндарды алып келүү керек”, — деди министр.

Сатыбалдиев Айдаралиевдин өз ишмердүүлүгүн жигердүү алып бара алаарына ишенет.

“Биз баарыбыз тең айыл чарба системасын оптималдаштыра албай келебиз. Бул министр менен министрликтин ишин оптималдаштыра алабыз деп ойлойм”, — деди пл жыйында.

Буга чейин айыл чарба министри болуп Чынгысбек Узакбаев иштеп келген. Ал январдын ортосунда өз каалоосу менен кызматынан кеткен.

Узакбаевдин кызматтан кетиши бир катары чиновниктерди таң калтырган. Алсак, парламенттик «Ар-Намыс» фракциясынын лидери Феликс Кулов экс-министрдин ишине эч кандай доомат жок болгондугун билдирген.

Куловдун айтымында, Узакбаевдин кызматтан кетишине министрдин бир катар аймактарда берген убадаларынын аткарылбай калышы себеп болгон.

«Ал суу чарба объектилерин куруп берүүнү убадалаган, бирок ага байланыштуу болбогон себептерден улам каржат кеч бөлүнүп калган», — деп жазган  «Түштүк» агенттиги «Ар-Намыстын» лидеринин айткандарын.

Автор: Нуржамал Жаныбекова