Бакир уулу Ыйык Валентин күнүн мектептерде майрамдоого тыюу салууну сунуштады

Өзүнүн адаттан тыш билдирүүлөрү менен белгилүү парламентарий Турсунбай Бакир уулу Ыйык Валентин күнүн «шайтандын жолу» деп атап, аны мектептерде майрамдоого тыюу салууну сунуштады.

Депутат бүгүнкү жыйында сөз сүйлөп жатып салттуу түрдө 14-февралга туш келген Сүйүшкөндөрдүн күнүн мектептерде майрамдоого тыюу салуу керектигин билдирди.

Бакир уулу бул майрамды майрамдабоо маселесин жыл сайын февралдын алгачкы күндөрү көтөрүп чыгат. Ал Валентин күнүн — «шайтандын жолу» деп эсептейт.

Депутат парламент төрагасынан бул маселени карап чыгып, жеке көзөмөлүнө алуусун өтүндү.

Турсунбай Бакир уулу — өзүнүн консервативдүү көз караштары жана адаттан тыш билдирүүлөрү менен белгилүү «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты.

Анын мындай билдирүүлөрүнүн бири Кыргызстанда сексуалдык тарбия берүүнү дин таануу жана адеп-ахлак боюнча сабактар менен алмаштыруу сунушу болгон.

Анын бул идеясы дароо каршы пикирлерди жараткан — Парламентаризм үчүн салык төлөөчүлөр биримдиги анда депутаттар Конституцияга эмес, диндин эрежелерине көп багыт ала башташты деп эл өкүлдөрүн айыптаган.

«Ал жыйында окумуштууларга, дарыгерлерге жана эксперттерге сөз берилген жок, бирок Конституцияны эмес диндин эрежелерин негиз кылуу менен сексуалдык жана репродуктивдүү саламаттык жөнүндөгү агартуучулук китепчелерди өрттөөнүү сунушташты», — деп билдиришкен биримдиктин мүчөлөрү.

Автор: Нуржамал Жаныбекова