Парламент менен өкмөт «Кумтөрдүн» тагдырын чечип жатышат

Депутаттар биргелешкен «Кумтөр» ишканасын түзүү боюнча өкмөт иштеп чыккан макулдашуунун долбоорун жактырышты. Ал макулдашууларга ылайык, Кыргызстан менен канадалык «Центерра» компаниясы акциялардын теңме-тең үлүштөрүнө ээ болушат.

6-февралда парламентарийлердин көбү  биргелешкен «Кумтөр» ишканасын түзүү боюнча жаңы макулдашуу үчүн добуштарын беришти. Ага ылайык, Кыргызстан менен канадалык «Центерра» компаниясы жаңы ишканада теңме-тең үлүшкө ээ болушат.

Өкмөт бул макулдашууга өткөн жылы эле жетишкен болчу, бирок андан бери парламенттин колдоосун таппай келген. Парламенттеги кээ бир фракциялар Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болушу керек деген талапты коюшкан.

«Кумтөр» — канадалык «Центерра Голд» компаниясына тиешелүү Ысык-Көл облусундагы ири алдын кени.

«Кумтөргө» ээлик кылуу маселеси 2012-жылдан – оппозиция негизги талаптарынын бири катары кенди улутташтыруу керектигин айтып баштагандан бери Кыргызстандын саясатында негизги ролду ойной баштаган.

Кыргызстан акциялардын канча пайызына ээлик кылышы керектиги боюнча парламент менен өкмөттүн ортосундагы талаш-тартыш өткөн жылдын ортосунан бери уланып келген.