Вице-спикер мандатынан ажыратылган депутатка болушууда

Эл өкүлү Бөдөш Мамырова «Ата-Журт» фракциясынан депутат Нурлан Сулаймановду мандатынан ажыраткан Боршайкомдун аракеттерине нааразы экенин билдирди. Анын пикиринде, БШК ыйгарым укуктарын чегинен ашырып жиберген.

«Ар-Намыс» фракциясынан вице-спикер Мамырова Сулаймановду мандатынан ажыратуу жөнүндөгү маселе парламенттин комитеттеринде талкуулангандан кийин каралышы керектигин билдирди.

Ал «ата-журтчуну» жыйындарга катышпагандыгы үчүн мандатынан ажыраткан Боршайкомдун мындай кадамга барууга укугу жок болгондугун айтып жатат.

«БШК өз ыйгарым укуктарын чегинен ашырып жиберди. Ал деген ооруп жатпайбы», — деп эсептейт ал.

Мамырова Сулайманов учурда чет өлкөдө дарыланып жаткандыгын жана төрагадан бул маселени парламентте кароону өтүнгөндүгүн кошумчалады.

Ал ортодо Боршайком бүгүнкү жыйындын күн тартибине жаңы депутатты каттоо жөнүндөгү маселени киргизди.

Нурлан Сулайманов — парламенттин V чакырылышындагы жыйындарга катышпагандыгы үчүн мандатынан ажыратылган алгачкы депутат.

«Ал жыйындарга 30дан ашык жолу катышкан эмес, өлкөдөн да чыгып кеткен», — деп билдиришкен Борбордук шайлоо комиссиясынан.

Сулайманов өлкөдөн 2012-жылы чыгып кеткен жана ошондон бери Кыргызстанга келе элек.

Азыр ал транспорт министри жана Бишкек-Ош унаа жолу мамлекеттик дирекциясын башкарып турганда коррупциялык иштерге барган деп шектелип жатат. Анын учурда кайсыл жакта экендиги белгисиз бойдон калууда.

Автор:  Нуржамал Жаныбекова