Саруу айылынын тургундары Балыкчы менен Караколду Ысык-Көлдүн тескей тарабында бириктирип турган унаа жолду ачууну убадалашты — бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Унаа жол дээрлик ачылды, учурда ачык деп да эсептей берсек болот, деп билдирди Kloop.kgге берген маегинде Ысык-Көл облустук ИИБсинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов.
«Саруу айылынын жашоочуларынын чогулушу болуп, унаа жолду ачуу чечими кабыл алынды. Жыйындан кийин учурда жолду тазалоо боюнча иштер башталууда», — деди ал.
Балыкчы-Каракол унаа жолу дээрлик бир апта бою жабык турду — аны айылдаштарынын кармалышына жооп катары Саруу айылынын нааразы болгон тургундары тосуп алышкан.
Айылдагы каршылык кыймылынын лидерлеринин бири Замир Мендебаев Kloop.kgге берген маегинде жергиликтүү бийлик кармалган айылдаштарын бошотууну убадалашканын билдирди.
«Биз ИИБнин өкүлдөрү менен Ысык-Көл облустук телеканалын чакырдык. Эгер телеканал видеону монтажсыз, болгонун болгондой кылып көрсөтсө, анда жол ачылат», — деди демонстранттардын лидери.
Бирок Ысык-Көл облустук ИИБсинен билдиришкендей, кармалгандардын бардыгын бошотуу боюнча чечимди сот кабыл алат, анткени алардын бир катарына каршы Караколдо болгон өткөн жылдын октябрындагы митинг маалында орун алган башаламандыктарга байланыштуу кылмыш иштери козголгон.
«Бир катарынын үстүнөн соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. Алар бошотулушпайт. Сот жүрүп жатат, алардын күнөөлүү же күнөөлүү эмес экендиктери ошол жакта чечилет», — деп билдирди облустук милициянын басма сөз катчысы.
Ал бир апта мурун кармалган саруулуктардын жарымы бошотулганын кошумчалады.
Алардын жолду тосуусуна 2-февралда милиция тарабынан 7 айылдашынын кармалышы себеп болгон. Алардын арасында өткөн жылдын 7-октябрында Караколдо өткөн митингдин жүрүшүндө массалык башаламандык уюштуруп, өкмөттүн өкүлүн барымтага алган деп айыпталып жаткан Айбек Сарыбаев дагы бар болгон.
Автор: Дильшад Камирдинов