Өкмөт патенттердин бааларын жогорулатууну сунуштап жатат

Патенттердин бааларын өзгөртүү жөнүндөгү токтомдун долбоору 5-февралда талкууга коюлду. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, уруксат берүүчү документтердин баалары беш эсеге чейин жогорулашы мүмкүн.

Патенттерге болгон учурдагы баалар 2008-жылдын аягында бекитилген жана ошондон бери өзгөртүлө элек. Каржы министрлигинин сунушу боюнча, эми уруксат берүүчү документтердин баалары беш эсеге чейин өсүүсү мүмкүн.

Негизинен патенттерге болгон баалар товарларды сатуу, кызмат көрсөтүү же өнөр жай тармагында алектенген ишкерлер үчүн бир топ жогорулайт.

Алсак, тигүү, трикотаж буюмдары менен бут кийимдерди сатуу үчүн патенттердин баалары беш эсеге — 2 миң сомдон 10 миң сомго чейин жогорулашы мүмкүн. Парфюмерия, косметика жана жууп-тазалагыч каражаттарды сатуу үчүн патенттер да ошондой эле — 2 миңден 10 миңге чейин жогорулайт.

Кызмат көрсөтүү үчүн патенттердин баалары да жогорулайт — котормо менен алектенүүгө уруксат берген күбөлүккө болгон баалар азыркы 2 миң сомдун ордуна 5 миң сом болуп калат. Ошондой эле эл аралык программалар менен иштеп жатышкан жергиликтүү жумушчулардын кызматтары үчүн да патент баалары жогорулайт.

Ход-дог жана гамбургерлерлердин сатуучулары үчүн патенттердин баалары дээрлик үч эсеге — 3,5 миңден 10 миң сомго чейин кымбаттайт.

Каржы министрлигинин долбоору уруксат берүүчү документтер зарыл болгон ишмердүүлүктүн тизмесине дагы бир нечесин киргизүүнү сунуштап жатат. Алсак, алардын сунушуна ылайык, компьютерлерди, мобилдик телефондорду оңдоо менен алектенүү үчүн 5 миң сом төлөөгө туура келет.

Толук тизмесин бул жерден көрсөңүздөр болот.

Министрликтин бул сунушу социалдык түйүндөрдүн жигердүү колдонуучуларынын кыжырдануусун жаратты.

Өзгөртүүлөр боюнча алгачкылардан болуп пикирин билдирген юрист Жанабиль Давлетбаев долбоордун кабыл алынбашы үчүн же кайрадан иштелип чыгышы үчүн колдонуучуларды министрликтин дарегине даттануулар менен эскертүүлөрдү жөнөтүүгө чакырган.

«Эгер биз эскертүүлөр менен сунуштарды ушул этапта айтып, өзүбүздүн мыйзамдуу укуктарыбызды колдонуп калбасак бул токтом кабыл алынып калат», — деп жазган ал.

Анын бул билдирүүсү сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү жактырбаган колдонуучулардын 50дөн ашык пикирин чогулткан.

«Баалар өсүп кетет, пайдасыз болуп калат, жыйынтыгында мамлекет бизнестин бардыгын жабат. Бюджетти ушинтип жамачылоону ойлоп табышыптыр да. [...] Мамлекеттик аппараттын жарымын кыскарткандын ордуна бизнести кысып жатышат [...]», — деп жазган Мурат Калмурзаев аттуу колдонуучу.

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун юристи  Фатима Якупбаева токтом добоорунун «пайдасыз экенин» көрсөтүү үчүн анын айланасында «чуу» көтөрүү сунушун киргизген.

«Сунушум мындай: укуктук жана/же анти-коррупциялык экспертиза даярдоо, мындай жаңы эрежелердин максатсыз, пайдасыздыгы жөнүндөгү жумушчу жолугушууларды, басма сөз жыйындарын уюштуруу. Чуу көтөрүү керек, бирок укуктук түшүнүк менен. Канчалаган начар мыйзам долбоорлору болгон жок?! Алардын бардыгын тең өтүп кеткен жок го!» — деп жазган ал.