Кыргызстандын борборундагы «Синематика» кинотеатрлар тармагы Ларс фон Триердин жалгыз бой аялдын сексуалдык жашоосун сүрөттөгөн «Нимфоманка» тасмасын көрсөтүлүүчү тасмалардын тизмесинен алып салды.
Бул тууралуу Бишкектеги ири кинотеатрлар тармагы 8-февраль күнү өзүнүн «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү расмий баракчасы аркылуу билдирди.
«Тилекке каршы «Нимфоманканын» көрсөтүлүүчү тасмалардын тизмесинен алынгандыгы тууралуу кабарлоого аргасызбыз. Кечирим сурайбыз жана түшүнөсүздөр деген үмүттөбүз», — деп билдирген «Синематика».
Тармактын тасманы алып салгандыгынын себептери азырынча эч кандай түшүндүрүлбөй эле.
Kloop.kgнин кабарчылары окуянын чоо-жайын билүү үчүн компаниянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү менен байланыша алышкан жок.
Тасма тууралуу жазылган «Синематиканын» расмий баракчасындагы маалыматтар толугу менен өчүрүлгөн.
Консерваторлордун сыны
«Нимфоманка» тасмасынын Кыргызстанда көрсөтүлө тургандыгы жөнүндө 4-февралда жарыяланып, анын Бишкектеги премьерасы 14-февралга пландалган болчу.
Кинотасма тууралуу «Синематиканын» «Фэйсбуктагы» баракчасына жазылган алгачкы билдирүү колдонуучулардын көптөгөн сын-пикирлерин жараткан.
Консервативдүү көз карашка жакын колдонуучулар кинотеатрлар тармагын «порнография» көрсөтүүгө айыпташкан.
«Силер жинди болдуңарбы? Ушундай жакшы абройго ээ кинотеатр болуп туруп анан порнография көрсөтүүнү чечтиңерби??????? Өсүп келе жаткан муунду эмнеге үйрөтүп жатасыңар? Эмнеге силер бузулган жана жаман жүрүш-туруштагы аялдын образын идеал кылып жатасыңар?» — деп жазган (сөзмө-сөз) Kylych Myrzа аттуу колдонуучу.
Ошол эле колдонуучу башка билдирүүсүндө кинотеатрларга депутаттардын көңүлүн бурдуртуп, тасманы көрсөтүүгө тыюу салдыра тургандыгын убадалаган.
Алгач «Синематика» өзүнүн «Нимфоманканы» көрсөтүү жөнүндөгү чечимин коргоого алган.
«Тасма колдонуу үчүн нускама эмес, башкы каармандын образы режиссёр тарабынан да, биз тараптан да идеал катары көрсөтүлгөн эмес. Тасма порнографиялык тасмалардын катарына кирбейт. Белгилей кетиш керек, бул кино андай учурлардан сак болууга да үйрөтүшү мүмкүн. [...] Көрсөтүлүшү ар кандай болушу мүмкүн да, бирок анын мазмуну менен багыты маанилүү бойдон калууда. Тасманы сынга алуудан мурда алгач аны көрүп чыгуу керек, сиздин азыркы чыгарган жыйынтыгыңыз болсо трейлерде көргөндөрүңүз менен жеке кабылдооңузга гана негизделген», — деп жооп беришкен тармактын расмий эккаунтунун атынан Kylych Myrza аттуу колдонуучуга.
Компания тасманы көрсөтүүдө «көрүүчүлөрдүн жаш курагына чектөөлөр» киргизилээрин убадалашкан, бирок кинотеатрлар тармагы расмий билдирип жаткандай, төрт күндөн кийин «Синематика» тасманы көрсөтүлүүчү тасмалардын тисмесинен алып салууга «аргасыз болгон».
Бул чечими үчүн компания дароо эле башка тараптын сынына кабылды.
«Бизде демократия менен светтик мамлекетке жетүүгө өтө көп бар экен. Мындай компаниянын өзүнүн тандоодогу өз алдынчалуулугун коргой албай, жетеленип жатышы өтө өкүнүчтүү», — деп жазган «Синематиканын» баракчасына Anna Golitsynа аттуу колдонуучу.
Ачык сексуалдык сценалар
Даниялык режиссёр Ларс фон Триенин «Нимфоманка» тасмасы биринчи жолу көрүүчүлөрдүн назарына 2013-жылдын 25-декабрында, ал туулуп өскөн Копенгаген шаарында сунушталган.
Анда жашоосу сексуалдык кызык окуяларга толгон башкы каарманы Джо аттуу жалгыз бой айым тууралуу айтылат.
Тасмада анткорлонбогон, ачык эле көрсөтүлгөн сексуалдык сценалар бар, бирок тасманын жаратуучулары андай учурлар үчүн дублёр катары порноактёрлер тартылгандыгын, а башкы каармандын ролун аткарган Шарлотта Гейнзбург сыяктуу кино жылдыздар андай сексуалдык сценаларына катышпагандыктарын билдиришүүдө.
Даниядагы премьерасында тасма эч кандай цензурасы жок эле көрсөтүлгөн, бирок башка өлкөдөгү прокатчыларга алар адаепсиз деп тапкан жерлерин «жашырып» көрсөтүүгө уруксат беришкен.
Автор: Дарья Соловьёва