Жекшембиде Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында эки милиция кызматкерине белгисиз адамдар ок атып, ок тийген милиция кызматкеринин бири көп өтпөй каза тапты. Ийнинен жаракат алган экинчи кызматкер азыр ооруканада.
Макаланын түп нускасы «Азаттык» радиосунун сайтына чыккан
Милициядан бүгүн билдиришкендей, кол салгандардын өздүктөрү аныкталган, бирок кылмышкерлерди издөө аракеттери азырынча эч кандай жыйынтык бере элек.
Таламандын так түшүндөгү кол салуу
9-февралда, күндүзгү саат беш чендерде Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында бир милиционерди жана бир жол кайгуул кызматкерин белгисиз адамдар атып кетишкенин “Азаттыкка" Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов маалымдады:
- Балыкчы шаардык ИИБинин кызматкери менен Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын өкүлү Боом капчыгайына кеткен жолдо өз кызматтарын аткарып жатышканда белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Ок жеген милиционер жан берген, ал эми Жол кайгуул кызматкери ийнине тийген октон жарадар болгон. Алардын аты-жөнү азырынча белгилүү себептер менен айтылбайт.
Милициянын алдын-ала берген маалыматы боюнча, ок аткандар эки киши болгон. алар өздөрүнүн BMW үлгүсүндөгү машинасын окуя болгон жерге калтырып, башка унаа менен из жашырып кетишкен. Буга байланыштуу милиция Ысык-Көл, Нарын, Чүй аймактарында күчөтүлгөн күзөт орнотту.
Кыргызстанда акыркы жылдарда милиция кызматкерлерине кызмат өтөп жаткан учурда кол салгандар көп кездеше баштады. Мындан көбүнчө милициянын кайгуул-күзөт кызматынын, Жол коопсуздугун көзөмөлдөө жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү кызматынын кызматкерлери жабыркашат.
Бул тууралуу ИИМдин басма сөз катчысы Жоробай Абдраимов“Азаттыкка” буларды билдирди:
- Акыркы мезгилде милиция кызматкерлерине кол салуу көбөйдү. Өлтүрүп же оор жарадар кылган учурларды эске албаганда, түрдүү кол салуу фактылары көбөйүп баратат. Минтип кызмат өтөө учурунда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө мамлекет тарабынан жардам берилет. Ошондой эле кызматын өтөп жатып жаракат алган, же башка кол салууга туш болгон кызматкерлерге да ар кандай колдоо көрсөтүлүп, акчалай жардамдар берилет.
Акыркы жылдардагы маалыматтарды ала турган болсок, өткөн жылы 11-январда ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгынын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноевди үйүнүн жанынан атып кетишкен. Бул иш боюнча кармалган беш кишинин экөө өмүр бою, калган үчөө 10-20-30 жылга эркинен ажыратылган.
Милиция кызматкерлерине кол салгандар табылбай кала берген учурлар да аз эмес. Ошондой эле аларга кол салуу боюнча буйрутма бергендер да аныкталбай, кол салууну аткаргандар гана кармалып, жазага тартылган учурлар арбын экенин укук коргоочулар белгилеп келишет.
Чектен чыккан жорук
Ал эми жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлерине мамиле тууралуу өзүнчө сөз кылууга болот. Өткөн жылы интернеттеги социалдык тармактарда Жол кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлерине баш ийбей, жол эрежесин бузуп, артынан кууп барган жеринен аларга каяша айткан айымдын жоругу катуу талкуу болгону белгилүү. Кийинчерээк ал айым жол эрежесин бузганы үчүн жоопко тартылбай эле, аны бул үчүн жазалоого аракет кылган МАИ кызматкери кызматтан алынганы тууралуу маалыматтар тараган.
“Жол коопсуздугу” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Чынара Касманбетова ушул сыяктуу фактылар коомдун милицияга, жол кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлерине болгон мамилесинин бузулуусун шарттап жатат деп эсептейт:
- Мисалы айдоочулар МАИ кызматкерлерин душманындай эле көрүшөт. Ошол эле учурда жол эрежелери 80% айдоочулар тарабынан бузулат. Тагыраак айтканда, коом өзү бузат да, кайра эле жол коопсуздугун көзөмөлдөөчүлөрдү күнөөлөп жатып калат. Өз ишин аткарып жаткан кызматкерлерге кол салынып, өлтүрүп кетип жатышса, демек бул биздин чектен чыкканыбыз. Аларга мамлекет тарабынан да колдоо жок, айлык акылары да аз.
Аталган уюм ИИМ, анын ичиндеги Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматын реформалоо боюнча демилгечилердин бири. Өткөн жылы Жол-кайгуул кызматкерлерин конкурстук негизде иргеп алуу үчүн атайын аттестациялык комиссия түзүлүп, иш алып барган.
Кыргызстандагы социологиялык сурамжылоолор болсо ИИМдин Жол-кайгуул кызматы эң коррупциялашкан тармактардын бирине кирээрин көрсөткөн.