ИИМ Балыкчыда Жол кайгуул кызматкерин өлтүрүүгө шектелгендерди аныктады.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, алар Чүй облусунун жашоочусу Зуар Магомедов менен Жалал-Абад облусунун жашоочусу Бердимурат Арчаевдер болушкан.
Милиция аларга издөө жарыялады.
Жол кайгуул кызматынын кызматкерлерине кол салуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөөнүн маалыматтары боюнча, 9-февраль күнү кечинде Жол кайгуул кызматкерлери Балыкчы шаарынан «катуу ылдамдыкта» чыгып келе жаткан мамлекеттик 87-87 BW номурлуу BMW үлгүсүндөгү унааны токтотууга аракет кылышкан.
Автоунаанын айдоочусу милициянын талабына баш ийбестен жолун уланта берген. Ошентсе да алардын унаасы Бишкек-Балыкчы жолунун 160-чакырымында бузулуп калгандыктан милиция кызматкерлери аларды кубалап жетишкен.
Бирок милиция кызматкерлери күтүүсүздөн каршылык көрсөтүүгө туш болушкан.
«Алардын бири күтүүсүздө ок атуучу куралды сууруп чыгып Жол кайгуул кызматкери тарапка ок чыгарган. Ошол учурда Балыкчы шаардык ИИБсинин айдоочусу, милиция кызматкери Бакыт Абдраев беркисин жерге кулатып колго түшүрүүгө аракет кылган. Бирок жол кайгуул кызматкерине ок чыгарган берки кылмышкер чуркап келип милиция кызматкерин кежигеге атып жиберген», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Болжол менен милиция кызматкерине каршы Макаров үлгүсүндөгү тапанчадан ок чыгарышкан.
«Андан соң шектүүлөр чоң жолго чыгышып, курал менен коркутуп күмүш түстүү «Ауди А6» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Анын айдоочусу менен жүргүнчүлөрүн түшүрүшүп, тартып алган автоунаага отуруп качып кетишкен», — деп жазылган пресс-релизде
Шектүүлөр калтырып кеткен унааны тинтүүдө бет кап, жасалма чач жана бычак табылган. Табылган буюмдардын бардыгы кылмыш ишинин материалдарына тиркелди.
Абдраев алган жарааттарынан улам эсине келбеген бойдон ооруканада көз жумду. Анын артында үч баласы калды.
Жараат алган дагы бир милиция кызматкери ооруканага жаткырылган.
Автор: Дарина Манасбекова
Редактор: Шахида Дүйшеева