Акаевдин күйөө баласы Орусия бийлиги тарабынан бошотулду

Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев орус бийлиги тарабынан бошотулду — бул тууралуу анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.

Тойгонбаев камактан бошотулду жана Орусиянын ага эч кандай дооматы жок — бул тууралуу жактоочу Икрамидин Айткулов өзүнүн Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазды.

Анын айтымында, Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын сурамы «мыйзамсыз жана негизсиз» деп табылгандыктан Орусия Акаевдин күйөө баласын өткөрүп бербейт.

«Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Тойгонбаевди өткөрүп берүүнү талап кылууга укугу жок болчу, анткени ал башка өлкөнүн жараны», — деп билдирди жактоочу.

Тойгонбаев Орусия полициясы тарабынан 9-февраль күнү кармалган — анын жактоочусунун айтымында, Тойгонбаевди издөө боюнча Кыргызстан Интерполго билдирме жөнөткөн.

Айткулов документтерде Тойгонбаевди кармоо жөнүндөгү соттун чечими болбогондугун белгилеп жатат.

«Качан мен анын кызыкчылыгын коргоп баштаганда иштин материалдарында камакка алуу жөнүндөгү чечим жок болчу. Ал эмес айып тагылган берене да Кылмыш кодексинен алынып салынган. Мен арыздангандан кийин оңдоп, учурдагы беренеге өзгөртүштү», — деди Айткулов Kloop.kgге берген маегинде.

Адил Тойгонбаев Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин улуу кызы Бермет Акаеванын күйөөсү болгон.

2005-жылы Акаев бийликтен кеткенден кийин ал алдамчылык, өзгөчө ири суммадагы акча уурдоо, ошондой эле салык төлөөдөн качуу беренелери боюнча айыпталып, издөөгө жарыяланган.

Акаев маалында маалымат каражаттарына тымызын цензураны Тойгонбаевдин өзү жүргүзүп, президенттин үй-бүлөсүнө өлкөдөгү ири бизнести көзөмөлдөөгө да жардам берген деп айтылып келген.

Ошондой эле ал Акаевдин аракеттерин сынга алган мамлекеттик эмес сектор менен күрөшкөндүгү менен да белгилүү болгон.

Тойгонбаевдин учурундагы жашоо Акаевдин күйөө баласынын башкаруусундагы медиа-холдингде иштеп жүргөндө жазган москвалык пиар адистин блогунда кеңири баяндалган.