Бишкектеги электр жарыгынын өчүрүлүүсүнүн 13-февралга чейинки графиги

«Түндүкэлектр» ишканасынын басма сөз кызматы борбордун түштүк бөлүгүндө жайгашкан кичи райондордогу электр жарыгынын өчүрүлүүсүнүн 13-февралга чейинки жаңы графигин таратты.

11-февраль:

Саат 18:30дан 20:30га чейин — 6чы, 9чу жана 10-кичи райондордун айрым бөлүктөрүндө;
20:30дан 22:30га чейин — 6чы жана 7-кичи райондордун айрым бөлүктөрүндө;
22:30дан 00:30га чейин — Асанбай, 4чү, 5чи жана 12-кичи райондордун айрым бөлүктөрүндө өчүрүлөт;

12-февраль:

саат 18:30дан 20:30га чейин — 7-кичи райондун айрым бөлүктөрүндө;
20:30дан 22:30га чейин — Асанбай, 11чи жана 12-кичи райондордун айрым бөлүктөрүндө;
22:30дөн 00:30га чейин — 5чи жана 6-кичи райондордун айрым бөлүктөрүндө өчүрүлөт.

13-февраль:

саат 18:30дан 20:30га чейин — 6чы, 9чу жана 10-кичи райондордун айрым бөлүктөрүндө;
20:30дан 22:30га чейин — 6чы жана 7-кичи райондордун айрым бөлүктөрүндө;
22:30дан 00:30га чейин — Асанбай, 4чү, 5чи жана 12-кичи райондордун айрым бөлүктөрүндө өчүрүлөт.

Электр жарыгынын өчүрүлүүсү өткөн аптанын соңунда башталган жана ал «Абдыкалыкова» көмөкчордонундагы кечки жүктөлүштөргө байланыштуу. Өз кезегинде жүктөлүштөрдүн пайда болуусуна борбордогу сууктан улам электрэнергиясын пайдалануунун кескин өсүп кетиши себеп болгон.