Чиновниктердин акцияларга ээлик кылуусуна уруксат берүү сунушталууда

Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзам долбооруна сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, чиновниктерге компаниялардын акцияларына ээлик кылууга уруксат берилет. Учурда мамлекеттик кызматкерлердин баалуу кагаздарга ээлик кылуусуна тыюу салынган.

Мыйзам долбоору парламенттин сайтына 11-февраль күнү чыкты. Анын авторлору — негизинен «ар-намысчылар» менен социал-демократтар — чиновниктердин коммерциялык компаниялардын акцияларына ээлик кылуусуна уруксат берүүнү сунуштап жатышат.

«Мыйзам долбоору [...] мамлекеттик кызматтардагы жарандардын мүлктүк укуктарын коргоо максатында иштелип чыкты. [...] Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, көпчүлүк өлкөлөрдө мамлекеттик кызматкерлер баалуу кагаздарга ээлик кылуу жана уставдык капиталдарына катышуу укуктарына ээ», — деп жазылган мыйзам долбооруна тиркелген негиздеме маалымкатта.

Учурда чиновниктердин акцияларга же баалуу кагаздарга ээлик кылуусуна тыюу салынат. Анткени алар мамлекеттик кызматкерлерге алектенүүгө болбой турган бизнес ишмердүүлүгү катары сыпатталат.

Бирок мыйзам долбоорунун авторлору акцияларга ээлик кылуу — бизнесмен же ишкер болуу деген маанини түшүндүрбөйт деп эсептешет.

«Мамлекеттик кызматкерлердин ишканалардын акцияларына, үлүштөрүнө ээлик кылуусу же уставдык капиталдарына катышуусу алар үчүн мыйзам бузуу катары кабыл алынбашы керек. Мыйзам бузуу болуп чиновниктердин уюмдун чарбалык ишмердүүлүгүн башкарууга түздөн-түз катышуусу эсептелинет», — деп түшүндүрүштү авторлор.

Алар ошондой эле эгер чиновниктердин ээлик кылуусу кызыкчылыктардын кагылышын жарата турган болсо мыйзамга мамлекеттик кызматкерлерди акцияларын башка адамга өткөрүп берүүгө милдеттендире турган нормаларды киргизүүнү сунуштап жатышат.