Эми спорттун ар бир түрүн атайын адистер алып барышат — мындай чечимге канал алып баруучулардын ишинин сапатына нааразы болгон көрүүчүлөрүнүн сынынан кийин кабыл алды.
Ар бир мелдешти спорттун ошол түрү боюнча адистер алып барышат. Мындай чечим көрүүчүлөр тарабынан айтылган сын-пикирлерден кийин кабыл алынды, деп түшүндүрдү КТРКнын эл аралык бөлүмүнүн жетекчиси Мээрим Асаналы.
«Алып баруулардын сапаттары боюнча көптөгөн телефон чалуулар болгондуктан биз ар бир оюн боюнча кошумча комментаторлорду тартып, аларды алмаштыруу чечимине келдик», — деди ал.
Эми кыргызстандык лыжачы Дмитрий Трелевский катышкан спорттук мелдештерди анын бир тууганы, профессионал спортчу Сергей Трелевский менен теле алып баруучу Тимур Жумабаев алып барышат. Көркөм муз тебүү боюнча мелдештерди спорттун бул түрү боюнча спорт чебери Елена Швеймер баяндайт.
КТРКнын комментаторлорунун алып баргандары кышкы Олимпиадалык оюндар башталганда эле телекөрүүчүлөрдүн нааразычылыктарын билдирип чыгууларына себеп болгон.
Facebook социалдык түйүнүнүн Валерия Фокина атуу колдонуучусу көрүүчүлөр КТРКнын комментаторлорунун алып барганынан «уялып жатышканын» жазган.
«ТВдагы мындай комментаторлору менен биздин өлкөнү “койлордун” өлкөсү деп аташ керек! Бардыгы уялып жатат, а биздин телеберүү эмнегедир уялбай эле. Мени эмнеге деген суроо кызыктырып жатат? Уяты жоктор», — деп жазган ал.
Популярдуу «Дизель» интернет-форумунун Manitoba аттуу колдонуучусу тескерисинче, комментаторлор өз ишин жакшы аткарып жатышат деп эсептейт.
«КТРКда нормалдуу эле алып баруучулар. Жөн гана бир кишиге жакпай калып андан ары кетти да. Жакпаса көрбөй эле койгула, эч кандай көйгөй жок. КТРге рахмат айткыла», — деп жазган колдонуучу.
Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК) XXII кышкы Олимпиада оюндарын көрсөтүү укугун сатып алган жана жылдын эң ири спорттук мелдеши болгон кышкы оюндарды түз алып көрсөтөт.
Кышкы Олимпиадалык оюндарга Кыргызстандан жалгыз лыжачы Дмитрий Трелевский катышат. Ал мелдештерге 16чы, 19чу жана 22-февралдарда түшөт.
Жалпысынан тоо лыжасы боюнча тандап алуу бөлүктөрүнө Кыргызстандан төрт спортчу катышкан — алардын Трелевскийден башкасы төмөнкү жыйынтыктарды көрсөткөндүктөн олимпиадалык лицензия ала алышкан эмес.
Автор: Айзирек Алмазбекова