Кыргыз тасмасы Румыниядагы эларалык кинофестивалга барат

Елизавета Стишованын “Чайка” кыска метраждуу тасмасы Бухарестте ар жылы өтчү эларалык “NexT” кинофестивалына катышууга чакыруу алган. Аталган фестиваль жыл сайын дүйнөнүн ар кайсы жайынан кинематографтарды чогултуп келет.

Кыргызстандын атынан катышып жаткан “Чайка” тасмасында, билим берүү жана адеп-ахлак сыяктуу баалуулуктардын сакталып калуусу үчүн жан дили менен күрөшкөн, мурда орус тили мугалими болуп иштеген адам тууралуу баяндалат.

“Чайка” Ысык-Көлдүн жээгинде тартылып, “Айтыш Фильм” тарабынан каржыланган.

Аталган тасма буга чейин “Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү”, “Святая Анна” жана башка бир канча кинофестивалдарда сыйлуу орундарга жетишкен.