Жогорку сот Мырзакматовдун партиясынын доо арызын кароодон баш тартты

Кыргызстандын жогорку баскычтагы соту Оштун мэрин шайлоодо утулуп калган Мелис Мырзакматовдун «Улуттар Биримдиги» партиясынын шайлоонун жыйынтыгы боюнча жазган доо арызын кароодон баш тартты.

Жогорку сот бийликчил талапкер Айтмамат Кадырбаев жеңишке жеткен Ош шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыктары боюнча доо арызды карабайт — деп билдирүүдө 24.kg маалымат агенттиги.

Басылманын партиянын жактоочусунан алган маалыматы боюнча, судьялар шайлоо процессиндеги добуш берүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуулар көрсөтүлгөн делинип жаткан видеотасманы көрүшкөн эмес.

Кандай болгонОштун мэрин шайлоо

Жогорку сот бул аракетин ал материалга баа сот тарабынан эмес, Боршайком тарабынан берилиши керектиги менен түшүндүрдү.

Шайлоодон кийин интернетке чыккан видеого ылайык, депутаттардын көбү бюллетендерин үкөккө таштаганга чейин Ош шаардык кеңешиндеги «Республика» фракциясынын лидери Арфидин Алановго көрсөтүшкөн.

«Республика» — Ош шаардык кеңешинде 2013-жылдын аягында түзүлгөн жаңы бийликчил көпчүлүк коалициянын курамындагы беш партиянын бири.

Буга чейин оппозиция бийликтегилердин шайлоонун алдындагы аракеттерин сынга алышкан.

Алсак, «Улуттар биримдиги» Бишкектеги борбордук бийлик алардын депутаттарына басым жасап жаткандыгын, андан улам партия башында турган көпчүлүк копалиция таркап кеткенин билдирип бир нече жолу даттанган.

Мырзакматовдун партиясы башында турган коалициянын таркашы мэрди шайлоодо мурунку кала башчысынын 45 добуштун 19на эле ээ болушуна алып келген. Анда Оштун мэри болуп бийликчил тарапкер Айтмамат Кадырбаев шайланган.