«Азия Микс» КВНдин Жогорку лигасынын чейрек финалына өттү

Кыргызстандын «Азия Микс» командасы КВНдин Жогорку лигасынын ⅛ финалына өтүп, өз тарыхында чейрек финалдык бөлүктө ойноо укугуна экинчи жолу ээ болду.

Бишкектен барган команда биринчи орунду Дагестан курамасы жана «Кембридж» деген эки команда менен бөлүштү.

Үч команда тең 12,9 упайдан алышып, КВНдин Жогорку лигасынын кийинки баскычында оюн көрсөтүүсүн улантышат.

Ошентип, эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу КВНдин Жогорку лигасында ойногон «Азия Микс» командасы өзүнүн өткөн жылдагы жетишкендигин быйыл дагы кайталады.

11-февралда Москвада өткөн оюндун расмий тексттик трансляциясында «Азия Микс» тамашаларынын көбүн өз мекенине арнагандыгы жазылган.

«Азиат колоритиндеги номурлар: «Кыргызстандагы түнкү клуб», «ОМОН мыйзамсыз иштеп жаткан цехти алып жатат». «Кыргыздар үчүн орус тили боюнча сынакка даярдоо борбору» – кыргыздар азыркы чындыктарды эске алуу менен орус тилине жана Москванын тарыхына жаңы өзгөртүүлөрдү киргизип жатышат», — деп жазган тексттик трансляция жүргүзгөн алып баруучу Михаил Дьяченко.

Оюндун телеверсиясы Орусиянын биринчи каналынан кийинчерээк көрсөтүлөт.

Оюн салттуу түрдө Москвадагы көп сандаган кыргыз диаспорасынын чоң кызыгуусун жаратты.

Kloop.kgнин оюн залында болгон кабарчысы Амина Сулеева билдиргендей, «Азию Миксти» колдоого 50-60 чамалуу мекендештерибиз барган.

КВНдеги Кыргызстандын күйөрмандары.
КВНдеги Кыргызстандын күйөрмандары.

«Шайыр тапкычтар клубу» — 1961-жылы СССРде пайда болгон популярдуу юмористтик оюн.

Анын 1964-жылдан берки алмашкыс алып баруучусу Александр Масляков — учурда ал Жогорку лиганы гана алып барат.

1971-жылдын соңунда СССРди тымызын шылдың кылгандыгы үчүн КВНди жаап салышкан, оюн кайра куруу доорунда — 1986-жылы кайрадан өз ишин уланта баштап, ошондон бүгүнкү күнгө чейин КМШ өлкөлөрүндөгү эң популярдуу теле шоу болуп саналат.

Автор: Бектур Искендер