Балыкчы-Каракол унаа жолундагы кырсыктан алты киши каза болду

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда унаа кырсыгынан улам алты киши каза болуп, дагы үчөө жаракат алышты. Куткаруучулардын берген маалыматтары боюнча, «Тойота Эстима» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып бакка сүзүлгөн.

Унаа кырсыгы 11-февраль күнү Ысык-Көлдүн тескей тарабында жүз берген.

Кырсыктан улам алты киши көз жумуп, үчөө жаракат алышты. Каза болгондордун арасында 10 жашар бала да бар болгон.

ӨКМнин берген маалыматына ылайык каза болгондордун тизмеси төмөнкүдөй.

1. Унаанын айдоочусу Мамбеталиев Бектемир 1956-жылы туулган, Жеңиш айылынын тургуну.
2. Жакшылыкова Света Садыбакасовна 1963-жылы туулган, Дархан айылынын тургуну.
3. Асанбаева Асылкан Султановна 1971- жылы туулган, Саруу айылынын тургуну.
4. Медербеков Сагынбек Баякунович 1955-жылы туулган, Боз-Бешик айылынын тургуну.
5. Таштанбекова Кенжегүл Сатеновна 1955-жылы туулган.
6. Сагынбек уулу Элдос 2004-жылы туулган.

Ал эми жабыркагандар:

1.Сырдыбаева Гүлнур Булатовна 1969-жылы туулган.
2.Углитский Эвгеня Анатолевич 1979-жылы туулган.
3.Турдумамбетова Надира Бектуровна 1987-жылы туулган.

Каза болгондордун сөөктөрү райондук милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Жаракат алгандар Ысык-Көл облустук жана Жети-Өгүз аймактык ооруканасына жеткирилишкен. Азырынча алардын кандай абалда экендиктери белгисиз.