Президент Алмазбек Атамбаевдин бутуна операция жасалды

Өлкө башчысынын тизе чемирчегине операция жасалып, дарыгерлердин айтымында операция ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчы 12-февралдан тарта кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыгып, аны Москва шаарында өткөрөөрү айтылат.

Сайтта белгиленгендей, мамлекет башчысы Кыргызстанга жакынкы күндөрү кайтып келет.