Жүрөгүнө операция жасатууга муктаж камактагы адам эркиндикке чыгарылды

13 жылга эркинен ажыратылган Камчыбек Жанабилов саламаттыгынын начардыгынан улам эркиндикке чыгарылды.

Жанабилов ден соолугуна байланыштуу 11-февраль күнү эркиндикке чыгарылды — ал тубаса жүрөк оорулуу. Абактагы шарттардан улам анын саламаттыгы бир топ начарлап кеткен.

Анын жактоочусу Динары Муканбаеванын айтымында, Жанабиловдун жүрөгүнө тез аранын ичинде операция жасоо зарыл.

«Аны сот прецессине көтөрүп келишти. Өз алдынча тура албай койгон», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Жактоочу Жанабиловду бошотуу боюнча өткөн соттук процессти «үлгү иш» деп атаса болоорун кошумчалады. Айтымында, бул бир нече жылдан бери катуу оорулуу камактагы адамды эркиндикке чыгарган алгачкы учур.

Бирок акталып чыкканы менен Жанабиловдун учурда операция жасатууга каражаты жок — жактоочусунун айтымында, анын жүрөк клапандарын алмаштырууга 200 миң сом керек.

«Процессте кардиохирург оорулууну текшерип, дарылоонун бардыгы бекер эмес экенин ырастады. Акчасы жок биз жасай албайбыз деди. Тактап айтканда, эгер ал өлүп бара жатса аны оорукана кабыл албайт», — деди Муканбаева.

Камчыбек Жанабилов дээрлик үч жыл камакта болду. Ал 2011-жылдын июлунда адам өлтүрүү беренеси боюнча 13 жылга эркинен ажыратылган.

Өткөн жылдын күз айларында медициналык комиссия аны шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга көрсөткөн — Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, эгер камактагы адам катуу оорууса аны мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарууга болот.

Бирок анда дарыгерлердин тиешелүү жабдуулардын жоктугунан жүрөк клапандарын 47-абакта алмаштырууга мүмкүн эместиги жөнүндө чыгарган корутундусуна карабастан эки соттук инстанция Жанабиловду мөөнөтүнөн мурда чыгаруудан баш тартышкан.

Өз кезегинде соттор баш тарткандыктарынын жүйөсү катары Жанабиловдун «жаза мөөнөтүнүн бир аз гана бөлүгүн» — болгону үч гана жылын — өтөгөндүгүн жана ал иши боюнча келтирилген материалдык чыгымдарды төлөй электигин билдиришкен.

Автор: Дильшад Камирдинов