Ата Мекенди коргоочулардын күнү жекшемби күнкүгө туура келгендиктен кыргызстандыктар 24-февраль күнү эс алышат.
Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин басма сөз кызматы 23-февраль календарда эс алуу күнү катары белгиленгендиктен жана дем алыш күнкүгө туура келип жаткандыктан 24-февраль күнү бардык кыргызстандыктар эс ала тургандыктарын билдирди.
«Бардыгы тең Кыргызстандын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык болот», — деп билдиришити басма сөз кызматынан.
Мекеме өткөн жылдын күзүндө Ата Мекенди коргоочулардын күнү сыяктуу үч майрамды жоюп салууну сунуштаган.
Анда министрликтин өкүлү сунушту ал майрамдардын «мурунку маанисин жоготуп» койгондугу менен түшүндүргөн.
«Аны майрам катары 2003-жылы гана белгилешкен, ошондуктан биз ал күндү эс алуучу майрамдардын катарынан чыгарууну сунуштап жатабыз. Бирок аны адамдар баары бир майрамдай беришет», — деп билдирген министрликтин өкүлү.
Автор: Нуржамал Жаныбекова