Мамлекет Көркөм сүрөт музейине видеокөзөмөл камераларын орнотуу үчүн акча бөлөт

Маданият министрлиги өткөн жылдын соңунда Иван Айвазовскийдин сүрөтү уурдалган Көркөм сүрөт музейине видеокөзөмөл камераларын орнотуу үчүн керектүү каражатты таба тургандыгын убадалоодо.

«Крымдагы деңиз пейзажы» сүрөтүнүн уурдалышы бийликти Бишкектеги Көркөм сүрөт музейинин коопсуздук маселеси тууралуу ойлонууга мажбур кылды — өз күнөөсүн мойнуна алып келген айыпталуучунун айтымында, сүрөт эч ким жок кезде жөн гана керме рамкадан кесилип алынган.

Сүрөт уурдалгандан кийин бир аз бузулуп калгандыктан, учурда кайрадан калыбына келтирилип жатат. Музейдин директору Юристанбек Шыгаев Kloop.kgге берген маегинде Айвазовскийдин ал эмгеги видеокөзөмөл камералары орнотулгандан кийин гана көрүүчүлөрдүн алдына коюлаарын айтты.

«Мен жакынкы арада видеокөзөмөл камераларын алып орнотобуз деген үмүттөмүн. Ошондо бардык сүрөттөрдү, тактап айтканда, Айвазовскийдин гана сүрөттөрүн эмес орус залындагылардын бардыгын орду-ордуларына алып келип коебуз»,— деди Шыгаев.

Ал бийликтегилер көркөм эмгектерди коргоо үчүн акча бөлүп берүүнү убалап жаткандыктарын кошумчалады. Айтымында, видеокөзөмөл камераларын орнотуу үчүн болжол менен 700 миң сомго чукул каражат талап кылынат.

Шыгаев Айвазовскийдин сүрөтүнүн кантип табылгандыгы тууралуу:

Гапар Айтиев атындагы музейдин коопсуздугун күчөтүү боюнча пландардын бар экендигин Маданият министрлигинен ырасташты — мекеменин искусствону өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын башкы адиси Дамира Алышбаеванын айтымында, каржылоо үстүбүздөгү жылдын мартында башталат.

«Көйгөйлөр менен биз пландап жаткан иш-чаралардын арасында Көркөм сүрөт музейи жана анын техникалык жагына байланышкан маселелердин чечилиши да бар — булар биздин аткара турган иштерибиздин алдында болот», — деди Алышбаева.

Жаңы жылдын алдында уурдалган

Орус сурөтчүсү Иван Айвазовскийдин «Крымдагы деңиз пейзажынын» уурдалгандыгы өткөн жылдын декабрынын соңунда – музейде болгон жаңы жылдык кеченин эртеси белгилүү болгон. Ал жоголгондон кийин дароо «уурулук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Шыгаевдин айтымында, анын баасы 1,5 млн. сомду түзөт — сүрөт алгач музей тарабынан 1950-жылдары советтик 10 миң рублга алынып келинген.

«Крымдагы деңиз пейзажы», Иван Айвазовский, 1866-жыл
«Крымдагы деңиз пейзажы», Иван Айвазовский, 1866-жыл

Иван Айвазовский — Орусиянын XIX кылымдагы эң таасирдүү сүрөтчүлөрүнүн бири. Ал көбүнчө деңиз пейзаждарынын аркасы менен атак-даңкка жеткен.

Айвазовскийдин эң кымбат сүрөтү 2006-жылы 3 миллион АКШ долларына (дээрлик 150 миллион сомго) сатылган.

Ал «Крымдагы деңиз пейзажы» деген сүрөтүн 1866-жылы тарткан.