RSF: Кыргызстан сөз эркиндигинин рейтингинде 9 позицияга көтөрүлдү

Эл аралык «Репортеры без границ» (RSF) уюму Кыргызстан 97-орунду ээлеген дүйнөдөгү сөз эркиндиги боюнча отчетун жарыялады. Өткөн жылы өлкө 106 орунда турган.

«Репортеры без границ» уюмунун отчетуна ылайык, бул сөз эркиндигинин рейтингиндеги акыркы бир нече жылдан берки эң жогорку секирик.

«Чаржайыттыгына карабастан Молдавия, Грузия, Армения жана Кыргызстан бир кыйла айкындуулугу жана салыштырмалуу алсыз мамлекеттик электөөсү менен мүнөздөлөт», — деп жазган эл аралык уюм өз сайтында.

RSF уюмунун версиясы боюнча, Кыргызстан Борбордук Азиядагы эң эркин өлкө. Республика «белгилүү көйгөйлөрү бар» мамлекеттердин тобуна кирсе, коңшу өлкөлөрдөгү сөз эркиндигинин абалы «оор» жана «өтө кыйын» деп сыпатталган.

Алсак, коңшу Өзбекстан 180 өлкөнүн ичинен 166чы, Казахстан 161чи орунду ээлеп, дээрлик тизменин аягында жайгашышкан. Аларга салыштырганда Тажикстандагы сөз эркиндигинин абалы бир аз жакшыраак — өлкө 115-орунду ээлеп, баштапкы жүздүккө жакыныраак жайгашкан.

Иштин төмөнкү сапаты

Kloop.kg тарабынын сурамжыланган медиа-эксперттердин пикирлеринде, учурда Кыргызстан сөз эркиндигинин деңгээлинин кыйла жогорулоосун башынан өткөрүп жатат, ошентсе да жергиликтүү басылмалардын ишинин сапаты төмөн бойдон калууда.

ЖМКларга карата даттанууларды кароо боюнча комиссиянын төрагасы Шамарал Майчиев кыргызстандык басылмалар бир тараптуу жана текшерилбеген маалыматтарды чыгараарын айтат.

«Эгер журналист такталбаган маалыматты чыгара турган болсо, анда сабап кетчү же басым жасай турган жабырлануучулар да болушу мүмкүн», — деди ал.

Бирок Майчиев жалпысынан коңшу өлкөлөргө караганда Кыргызстанда сөз эркиндиги «бир топ жогору» деп эсептейт. Анын бул пикирин «Журналисттер» коомдук бирикмесин жетектеген эксперт Марат Токоев да колдойт.

Ал 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы «аздыр-көптүр» жакшыраак болуп калганын билдирет. Бирок ал жергиликтүү журналисттер өз квалификациясын жогорулатып, каражат жагынан саясатчылардан көз карандысыз болуусу керектигин белгилейт.

«ЖМКлардын саясий күрөштүн куралы экендиги сыр эмес. Биздин маалымат каражаттарыбыздын көбү экономикалык жактан алсыз. Алар дайыма эле жакшы акча төлөп бербеген, ошол эле маалда эмне жөнүндө жана кантип жазуу керектиги боюнча оор шарттарды койгон ээлеринин акчасына жашашат», — дейт эксперт.

Токоев Кыргызстан өзүн коңшу мамлекеттер менен салыштырбастан, өнүккөн өлкөлөргө теңелиши керек деп эсептейт.

Автор: Нуриза Самарбекова