Сочи-2014: Кыргызстанга жараат алган спортчусун алмаштырууга уруксат беришти

Эл аралык олимпиада комитети жараат алган кыргыз лыжачысы Дмитрий Трелевскийди башка спортчу – Евгений Тимофеев менен алмаштырууга уруксат берди.

Тимофеев машыгуу учурунда катуу жараат алган Трелевскийдин ордуна Олимпиада оюндарына катышат — бул тууралуу Kloop.kgге Улуттук олимпиада комитетинен билдиришти.

«Анын катыша тургандыгы боюнча тастыктама кат келди [...] Эл аралык олимпиада комитети сүйлөшүүлөрдөн кийин биздин экинчи спортчубуздун катышуусуна уруксат берди», — деди Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев.

Алмаштыруу тууралуу чечим Эл аралык олимпиада комитети тарабынан жактырылды — Тимофеев Сочи шаарына 14-февралда учат, учурда даярданып жатат.

Ал 19-февралда гигант слалом жана 22-февралда слалом боюнча мелдештерге чыгат. Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик Тимофеевди жогорку квалификациялуу спортчу деп атап жатат.

«Ал 16-февралда машыгып баштайт. А мелдештер 19чу жана 22-февралдарда болот», — деди Султамбаев.

Трелевскийдин жарааты

Трелевский 12-февралдагы машыгуу учурунда катуу жаракат алган жана Олимпиада оюндарына катыша албайт.

«Олимпиадалык кыштактын дарыгерлеринин корутундусу боюнча, биздин спортчунун кашка жилик сөөгү сынган, тизе муунундагы кемирчектин крест сымал тарамыштары үзүлгөн жана оң тизе муундарында гемартроз болгон», — деп билдирди Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов.

Трелевский кышкы оюндарда 19чу жана 22-февралдарда лыжа менен тоодон түшүүнүн эки түрү боюнча катышышы керек болчу

Жалпысынан тоо лыжасы боюнча тандап алуу бөлүктөрүнө Кыргызстандан төрт спортчу катышкан — алардын Трелевскийден башкасы төмөнкү жыйынтыктарды көрсөткөндүктөн олимпиадалык лицензия ала алышкан эмес.

Автор: Нуриза Самарбекова