Жараатынан улам Кыргызстандын атынан Олимпиадага барган жалгыз спортчу мелдештерге катыша албайт

Кыргызстандын атынан Сочидеги кышкы Олимпиада оюндарына катыша турган жалгыз спортчу Дмитрий Трелевский «катуу жаракат» алгандыктан андагы спорттук мелдештерге катыша албайт. Аны башка спортчу алмаштырышы мүмкүн.

Трелевский 12-февралдагы машыгуу учурунда катуу жаракат алды — бул тууралуу Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов билдирди.

«Олимпиадалык кыштактын дарыгерлеринин корутундусу боюнча, биздин спортчунун кашка жилик сөөгү сынган, тизе муунундагы кемирчектин крест сымал тарамыштары үзүлгөн жана оң тизе муундарында гемартроз болгон», — деди ал.

Аманкуловдун айтымында, Трелевский спорттук мелдештерге катыша албайт. Аны башка лыжачы Евгений Тимофеев алмаштырышы мүмкүн.

«Лыжа менен тоодон түшүүнүн эки түрүнөн тең лыжачы Евгений Тимофеевдин катышуусун караштырып жатабыз. Ошондой эле Улуттук Олимпиадалык комитет Олимпиада оюндарынын уюштуруу комитетине спортчуну алмаштыруу боюнча өтүнүч кат жөнөттү», — деп кошумчалады ал.

Трелевский кышкы оюндарда 19чу жана 22-февралдарда лыжа менен тоодон түшүүнүн эки түрү боюнча катышышы керек болчу

Ал 2010-жылдагы кышкы Олимпиада оюндарында да катышкан, бирок анда ал олуттуу ийгиликтерге жетише алган эмес — анын тоодон лыжа менен түшүүдөгү эң жогорку жетишкендиги 76-орун гана болгон.

Жалпысынан тоо лыжасы боюнча тандап алуу бөлүктөрүнө Кыргызстандан төрт спортчу катышкан — алардын Трелевскийден башкасы төмөнкү жыйынтыктарды көрсөткөндүктөн олимпиадалык лицензия ала алышкан эмес.