Дүйнө жүзүнүн башка өлкөлөрүндө болгондой эле Кыргызстанда да 14-февраль – сүйүшкөндөр күнүн көп адамдар белгилешет. Бул күндү түгөйлөр кандай өткөрүп жаткандыктарын көрүү үчүн кабарчыларыбыз Бишкектин көчөлөрүндө болуп келишти.
Бул майрамдын шарапаты менен тасмаларга киргенге шашкан түгөйлөрдү учураттык.
Түгөйлөр бири бирине болгон сезимдерин гүл, оюнчук жана башка көңүл көтөрчү белектер аркылуу билдирип жатышты.
Сейил бакта жетелешкен жаштарды кезиктирдик.
Балким бул күнү сүйүүсүн айрымдары алгачкы жолу билдирип жаткандыр.
Сүрөт: Тазим Жекшенбаева жана Канболот Абылкасым уулу, тексттин автору: Тазим Жекшенбаева