Бишкектеги суук уланууда, аны менен катар борбордун түштүк кичи райондорун электр жарыгы менен камсыз кылып турган «Абдыкалыкова» жогорку вольттуу көмөкчордогу көйгөйлөр да уланып жатат.
Ошондуктан, кеминде жакынкы үч күндө кечкисин электр жарыгын берүүдөгү чектөөлөр улантылат.
Назарыңыздарга «Түндүкэлектрдин» басма сөз кызматы тарабынан жарыяланган электр жарыгынын өчүрүлүшүнүн графигин сунуштайбыз.
14-февраль, жума:
- саат 18:30дан 20:30га чейин 7-кичи райондун айрым бөлүктөрүндө;
- саат 20:30дан 22:30га чейин «Асанбай» кичи районунун айрым бөлүктөрүндө жана «Ата-Түрк» сейил багынын айланасында;
- саат 22:30дан 00:30га чейин 5чи жана 6-кичи райондордун айрым бөлүктөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт.
15-февраль, ишемби:
- саат 18:30дан 20:30га чейин 6чы жана 10-кичи райондордун айрым бөлүктөрүндө;
- саат 20:30дан 22:30га чейин 5чи жана 7-кичи райондордун айрым бөлүктөрүндө;
- саат 22:30дан 00:30га чейин 4чү, 5чи жана 9-кичи райондордун айрым бөлүктөрүндө өчүрүлөт.
16-февраль, жекшемби:
- саат 18:30дан 20:30га чейин 7-кичи райондун айрым бөлүктөрүндө;
- саат 20:30дан 22:30га чейин «Асанбай» кичи районунун айрым бөлүктөрүндө жана «Ата-Түрк» сейил багынын айланасында;
- саат 22:30дан 00:30га чейин 5чи жана 6-кичи райондордун айрым бөлүктөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт.
- 17-февраль, дүшөмбү:
17-февраль, дүйшөмбү:
Бишкекте
- саат 9:00дөн 13:00гө чейин «Көк-Жар» конушунун (Керемет көчөсүндө);
- саат 11:00дөн 17:00гө чейин 7-кичи райондо (№№ 29-32 үйлөрдө);
- саат 12:00дөн 17:00гө чейин 11-кичи райондо (№№ 26, 27 үйлөрдө) электр жарыгы өчүрүлөт. Бул жогорку вольттогу «Западная» трансформатордук көмөкчордондо, № 1566, 935, 1256 трансформаторлордогу оңдоо иштерине байланыштуу.
Автор: Камила Баймуратова