«Фэйсбук» колдонуучулары үчүн жаңы 50 жыныстык сыпаттоо кошту

Мындан ары дүйнөдөгү эң ири социалдык түйүн колдонуучуларына өзүн «эркек» же «аял» деп гана көрсөтпөстөн, башка жыныстык сыпаттоолор менен дагы көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн берет.

«Фэйсбук» тарабынан колдонуучулардын анкеталарындагы «жынысы» деген графасына 50 жаңы жыныстык сыпаттоолор кошулду.

Алардын арасында «андрогин», «би-гендер», «транссексуал» жана «гендерквир» деген сыяктуу жыныстык сыпаттоолор бар.

«Фэйсбук» бул чечимин адамдарга өзүнүн гендердик жынысын сыпаттоо үчүн кеңири тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү каалоосу менен түшүндүрдү.

Жаңы сыпаттоолор социалдык түйүн тарабынан 13-февралда киргизилди. Ал мүмкүнчүлүктөр адамдарга кеңири тандоодон сырткары бирден көп жыныстык сыпаттоо түрүн тандап алууга мүмкүнчүлүк берет.

«Адамдардын көпчүлүгү бул жаңылыкты байкашпайт деле, бирок алардын арасында бул кадам өзгөчө чоң мааниге ээ болгон адамдар дагы бар», — деген «Фэйсбуктун» инженери Бриэль Харрисон «Ассошиэйтед пресс» маалымат агенттигине берген маегинде.

Харрисон өзүн трансгендер деп эсептейт жана өзүнүн жынысын «аялдан» «трансаялга» өзгөртүп бул опцияны алгачкыларда болуп пайдаланган.

«Мен сыяктуу трансгендерлер көпчүлүк учурларда аял менен эркектин ортосунда бинардык тандоого кабылышат. Бул көңүлдү чөктүрөт, анткени ал сыпаттоолордун экөөсү тең биз өзүбүздү кандай сезсек ошондой сыпаттап бере албайт», — деп жазган «Ассошиэйтед пресс» агенттиги анын айткандарын.

Өзү менен өзү болуу

АКШда «Фэйсбуктун» бул жаңылыгына карата жасалган мамиле ар түрдүү.

Диний чөйрөдө ири социалдык түйүндүн дарегине сын-пикирлер айтылбай койгон жок.

«Албетте Фэйсбук өзүнүн абдан популярдуу социалдык түйүнүн кандай кааласа ошондой башкара алат, бирок бул жолкусунда биз акыркы чекке жеттик. Адамзаты эркектер жана аялдар болуп экиге бөлүнгөндүгүнүн биологиялык реалдуулугун танууга мүмкүн эмес», — деп билдирди «Үй-бүлөдөгү фокус» диний уюмунун өкүлү Джефф Джонстон.

Ал ортодо укук коргоо тармагындагылар бул кадамды кубануу менен кабыл алышты.

«Колдонуучуларына тармакта өзүлөрү менен өзүлөрү болууга мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн Фэйсбукка кол чабабыз», — деген «Трансгендерлер үчүн укук борбору» уюмунун башчысы Мэйсон Дэвис.

«Фэйсбук» — аялдар менен эркектерден башка дагы жыныстык сыпаттоолор бар экендигин тааныган Интернет-алптардын алгачкысы.

Буга чейин эң ири «Гугл» издөө системасы өзүнүн «Гугл плюс» деген социалдык түйүнүндөгү  «жынысы» аттуу графага «башка» деген жыныстык сыпаттоо кошкон.

Бирок «Фэйсбуктукундай» гендердик көп түрдүүлүк буга чейин эч бир социалдык түйүндө болгон эмес.

Автор: Бектур Искендер