Улуттук госпиталдын дарыгерлери 13-февраль күнү парламент депутаты Нурбек Мурашев неврология бөлүмүнүн башчысын сабагандыгын айтып жатышат. Мурашевдин кеңешчиси бул маалыматты четке кагып, анын «ушак» экенин билдирүүдө.
Депутат Мурашевдин кеңешчиси Улугбек Мырзамамытов анын башчысы эч кимди сабабагандыгын жана эл өкүлүнүн дарыгерге кол көтөргөндүгү тууралуу «Вечерний Бишкек» гезитине чыккан материалдын «саясий себептери бар ушак» болгондугун билдирди.
«Бул депутаттын дарегине бир тараптуу ушак айтылып жатат. Таптакыр андай болгон эмес. Жамалбек Жумадиловичти [дарыгер Турганбаевди] эч ким сабаган эмес», — деди Мырзамамытов Kloop.kgге берген маегинде.
Анын айтымында, Мурашев чынында эле Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы Жамалбек Турганбаев менен жолуккан. Бирок ал белгилегендей, эл өкүлү ооруканада жаткан тууганына тиешелүү медициналык жардамды көрсөтүү өтүнүчү менен гана барган.
Иш бөлмөдө кол салышкан
«Вечерний Бишкек» гезитиндеги маалыматка ылайык, депутат Мурашев Улуттук госпиталда дарыланып жаткан тууганын көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамга нааразы болгондуктан улам Турганбаевге кол салган.
Депутаттын бир тууганынын жубайы Алтынай Арстанбек кызы ал жакка “арахноид” диагнозу менен жаткырылган. Ооруканада ал аспирациондук синдромго туш болуп, кийин эс-учун жоготуп комага түшкөн.
Турганбаевдин айткандарына ылайык, бул окуядан кийин ал депутат менен анын жанындагы адам тарабынан зомбулукка кабылган.
«Иш бөлмөдө күтүп турган эки киши сөз бар деп бардыгынан чыгып турууларын өтүнүштү. Анда мен алардын эмне маселе боюнча келгендиктерин билген эмесмин. Сөз коркутуудан башталды, алардын бири муну ушул бойдон калтырбастыгын, мени түрмөгө отургуза тургандыгын жана мени жазалаш үчүн болгон күчүн жумшаарын айтып кыйкыра баштады. Андан соң жаакка уруп жиберди», — деп жазган «Вечерний Бишкек» бөлүм башчысынын айткандарын.
Улуттук госпиталдын дарыгерлеринин айтымдарында, андан кийин ал адамдар дарыгерди имараттан чыгарып кетүүгө аракет кылышкан, бирок аларга Турганбаевдин кесиптештери тоскоолдук кылып, бөлүм башчысын алып калышкан.
Көптөгөн күбөлөр
Депутат Мурашевдин кеңешчиси Kloop.kgге берген маегинде уруш дарыгер менен эл өкүлүнүн бир тууганынын ортосунда гана болгондугун жана бардыгы оозеки айтышуу менен чектелгендигин айтып, далилдөөгө аракет кылды.
«Аны [Алтынай Арстанбек кызын] ал жакта үч күн дарылашкан. Аны стационардык дарыланууга жаткырышкан, анан эле комага түшүп калды. Биз аны дарыгердин кетирген катасынан улам болгон деп ойлоп атабыз», — деп түшүндүрдү кеңешчи уруштун себебин.
№3 неврология бөлүмүнүн аты-жөнүн билдиргиси келбеген дарыгери Kloop.kgге берген маегинде «Вечерний Бишкекте» жазылгандарды ырастап, чындыгында эле депутат менен анын бир тууганы бөлүм башчыны сабагандыктарын билдирди.
«Бул жерде ал депутатты бөлүм башчы гана эмес, бул жердеги топ адамдын бардыгы – дарыгерлер дагы, медициналык кызматкерлер да, бейтаптар да көрүшкөн. Тана берет да», — деди ал.
Дарыгер депутат менен бөлүм башчысын жеке өзү арачалагандыгын кошумчалады.
«Депутат биздин бөлүм башчыбыздын колун бураган. Ошол учурда мына бул жерде өңү суук эки киши турган, алардын ортосунда биздин бөлүм башчы чалынып кеткен. Анда ал кандай абалда болгонун билбейм», — деди ал.
Автор: Александра Ли