Түрмөдөн качкан кылмыштуу топтун мүчөсү Бишкекте кармалды

Он беш жылдык жаза мөөнөтүн толук аткарбай абактан качып кеткен Азат Абдымомунов Бишкектен табылган. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Абдымомунов 2013-жылдын күз айларында жол-транспорт кырсыгына кабылып, ооруканага жайгаштырылган. Бирок ал ооруканада башка ысым менен жатып дарыланып жүргөн.

Ички иштер министрлигинин берген маалыматына ылайык, учурда ал куралдуу топтун кароосунда Ысык-Көл облусунун аймактык ооруканаларынын биринде жатат.

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү делген Абдымомунов 2005-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда жергиликтүү тургунду чолок мылтык менен атып, жабыркаган киши ошол эле учурда каза болгон.

Жасалган кылмыштын даражасы жана мүнөзүнө жараша ал күчөтүлгөн тартипте он беш жылдык жаза мөөнөтүн өтөөгө кесилген.

“Үч жыл жаза мөөнөтүн өтөгөндөн кийин Абдымомунов жатак абакка которулуп, болжолдуу бир жылдан кийин ал жерден качып кеткен. [...] Учурда ИИМдин Уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү башкы башкармалыгы Азат Абдымомуновдун кантип эркиндикке чыгып кеткендигин териштирүүдө”,–деп жазылат ИИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.