Депутат Нурбек Мурашевдин инисинин жубайы 14-февраль күнү каза болду. Анын ооруканага жаткырылышы эл өкүлү менен госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысынын ортосундагы чырдын чыгышына себеп болгон.
Алтынай Арстанбек кызы Улуттук госпиталга 13-февраль күнү «сасык тумоодон кийинки арахноидит» диагнозу менен жаткырылган.
Ооруканада ал аспирациондук синдромго туш болуп, кийин эс-учун жоготуп комага түшкөн. Ал эсине келбеген бойдон 14-февралда көз жумду.
«АКИпресс» маалымат агенттиги депутат Мурашевдин жардамчысына шилтеме жасап билдиргендей, 15-февраль күнү эртең менен каза болгон аял текшерүү үчүн союлган.
Азырынча бул боюнча Улуттук госпиталь эч кандай билдирүү жасаган жок.
Арстанбек кызынын ооруканага жаткырылышы анын күйөөсүнүн агасы, депутат Нурбек Мурашев №3 неврология бөлүмүнүн башчысы Жамал Турганбаевге кол көтөргөн делинип жаткан чырдын чыгышына себеп болгон.
Турганбаев депутат менен анын бир тууганы Арстанбек кызын дарылап жаткандыктарына нааразы болушуп, аны сабап, андан соң түрмөгө камата тургандыктарын айтып коркуткандыктарын билдирүүдө.
Депутат Мурашевдин кеңешчиси Улугбек Мырзамамытов дарыгер менен эл өкүлүнүн ортосунда кайым айтышуу болгонун мойунга алып, бирок ал оозеки айтышуу менен гана чектелгендигин айтып, далилдөөгө аракет кылды.
Мырзамамытов эл өкүлүнүн дарыгерге кол көтөргөндүгү тууралуу айтылган айыптоолордун бардыгын тең «жалган жалаа» деп атады.
Бул депутаттын дарегине бир тараптуу ушак айтылып жатат. Таптакыр андай болгон эмес. Жамалбек Жумадиловичти [дарыгер Турганбаевди] эч ким сабаган эмес», — деди Мырзамамытов Kloop.kgге берген маегинде.
Бирок госпиталдын аты-жөнүн билдиргиси келбеген дарыгери бөлүм башчынын сабалышы «топтолгон көп» күбөнүн көзүнчө болгонун билдирүүдө.
Автор: Бектур Искендер