Кыргызстан Фиджи өлкөсүндө элчилигин ачат

Diplomatic realations KR-Fidji
Бул тууралуу Кыргызстан жана Фиджи мамлекеттеринин Бириккен улуттар уюмундагы өкүлдөрү, 14-февраль күнү кош тараптуу коммюникеге кол койгондон кийин белгилүү болду.

Анда Кыргызстандын БУУдагы өкүлү Таалайбек Кадыров жана Фиджинин БУУдагы өкүлү Питер Томсон (Peter Thomson), эки өлкөнүн ортосундагы достуктун жана карым-катнаштын бекемделип өнүгүшү, дипломатиялык мамилелердин элчиликтин деңгээлинде түптөлүшүнө багытталып даярдалган коммюникеге кол коюшту.

Автор: Тазим Жекшенбаева