Сирияда атайын машыгуудан өтүп келген согушкерлер кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жүргүзгөн атайын контртеррористтик иш чаранын натыйжасында Ош облусунун алты тургуну кармалды. Кармалгандардын бир бөлүгү Сирияда эл аралык террористтик уюмдардын лагерлеринде атайын даярдыктан өтүп келген делсе, калгандары криминалдык чөйрөгө тиешеси болгондугу үчүн колго түшүрүлгөн.

УКМКнын маалыматына ылайык, кармалган топ курал-жарак жана атайын каражаттарды топтоп алып, Бишкек жана Ош шаарларында атайын террористтик багыттагы акцияларды уюштурууну белгилешкен.

“Операциянын жыйынтыгында тинтүү иштери өткөзүлүп, кармалгандардын автоунааларынан колго жасалган мылтык, ок атууга ылайыкталып жасалган газ тапанчасы, ок-дарылары, маскалар жана скотч табылган”,–деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Кылмыштуу топтун жанынан табылган курал жана буюмдардын негизинде, Ош облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө органы (Курал жарактарды мыйзамсыз сактоо, алып жүрүү жана сатуу, Тоноо, тоноого даярдык көрүү, Террордук ишмердүүлүккө коомдук чакыруу жасоо, Экстремисттик уюмдардын символикаларын сатып алуу, даярдоо, сактоо жана таратуу, Кылмыштуу топ уюштуруу беренелери боюнча) кылмыш иши козгоп, учурда алар Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Автор: Тазим Жекшенбаева