Жети-Өгүз районунун акими болуп РИИБнин мурунку башчысы шайланды

Жети-Өгүз районунун башчылыгына райондук милиция бөлүмүнүн мурунку башчысы, өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү Калысбек Жудеев шайланды.

Жудеев аким болуп 14-февралда өткөн айылдык жана райондук кеңештин биргелешкен жыйынында шайланды — бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевге шилтеме жасап «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасы билдирди.

Бул кызматка Жудеевден башка дагы эки талапкер — Жети-Өгүз районунун акиминин милдетин аткаруучу Дамир Монолдоров менен облустук администрациянын жетектөөчү адиси Кубанычбек Асаналиев ат салышышкан.

Бирок милициянын мурунку башчысы үчүн эл өкүлдөрүнүн көбү — 190 депутаттын 139у өз добуштарын беришкен.

Каптагаевдин «Вечерний Бишкекте» жазылган сөздөрү боюнча, азырынча Жудеевди аким кылып бекитүү жөнүдөгү буйрукка премьер-министр кол кое элек.

Жаңы аким өзүнүн алгачкы иш күнүндө райондогу көйгөйлөрдү «кыска убакыттын ичинде» чече тургандыгын убадалады.

«Жетекчилик алдыга коюлган бардык маселелерди жана калктын талабын аткарат. Көйгөйлөрдүн бардыгын болушунча кыска убакыттын ичинде чечкенге аракет кылам», — деп жазган «Вечерний Бишкек» Жудеевдин айткандарын.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз району Кумтөр алтын кенине байланыштуу негизинен Саруу айылында өткөн көп сандаган нааразычылык акциялары менен белгилүү.

Ал митингдер көпчүлүк учурларда Балыкчы-Каракол унаа жолунун тескей тарабынын тосулушу жана өткөн жылдын октябрынын башында Караколдо өткөн башаламандыктардан кийин кармалган саруулуктарды бошотуу талаптары менен коштолуп келет.