Парламенттин автоунаа ишканасынын кызматкери Kloop.kgге берген маегинде жол чырактын тыюу салган белгисине карабастан өтүп кеткен мамлекеттик 0036 KG номурлуу унаа депутат Хаджимурат Коркмазовго тиешелүү экенин ырастады.
Парламенттик унаа тарабынан жол эрежесинин бузулгандыгы тууралуу маалымат интернетте 17-февраль күнү эртең менен пайда болгон — жарыяланган видеодо мамлекеттик 0036 KG номурлуу «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа жол чырактын кызыл күйгөндүгүнө карабастан өтүп кеткендиги тартылган.
Парламенттин гаражынын кызматкери Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде аталган мамлекеттик номурдагы унаа «Ата-Журт» фракциясынын депутаты Хаджимурат Кормазовго жазылгандыгын билдирди.
Парламентарийдин жардамчысы эч кандай түшүндүрмө бере алган жок — жол эрежесин бузуу боюнча берилген суроодон кийин телефон трубкасында узакка созулган гудок угулуп өчүп калды.
Коркмазовдун өзү комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болууда — анын телефонун алган адам Kloop.kgнин кабарчысына номурдан адашып калганын айтты.