Бильярдчы Сагынбаев милиционерлерди досу экөөнө кол салган деп айыптап жатат

Белгилүү кыргыз бильярдчысы Каныбек Сагынбаев милиция билдирип жаткандай, Жол кайгуул кызматкерлери менен досу экөөнүн ортосундагы мушташты алар эмес, тескерисинче, тескөөчүлөр биринчилерден болуп баштагандыгын билдирди.

Сагынбаев Kloop.kgге берген эксклюзивдүү маегинде буга чейин милиция журналисттерге тараткан маалыматтарды четке какты.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын версиясына ылайык, белгилүү бильярдчы менен бир унаада бара жаткан анын досу 16-февраль күнү кечинде Бишкектин түштүк бөлүгүндө Жол кайгуул кызматкерлери алардын унаасын токтотууга аракет кылганда тескөөчүлөргө кол салган.

Бирок бильярдчы мушташты биринчилерден болуп тескөөчүлөрдүн өзүлөрү баштагандыгын айтып, ынандырууга аракет кылууда.

Ошентсе да Сагынбаев чынында эле унаасын «бир аз мас абалында» башкарып бара жатканын мойнуна алды, бирок анын айтымында, ал адекваттуу жана акыл-эси ордунда болгон, а милиционерлер болсо досу экөөнө эч кандай себеби жок эле кол салышкан.

Сагынбаевдин досуна карата Кылмыш кодексинин 341-беренеси менен каралган «Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү» боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында камакта.

Бильярдисттин өзүнө карата мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн административдик протокол түзүлүп, унаасы айып жайга токтотулган.

Бирок Сагынбаев милиционерлер биринчи болуп кол салгандан кийин досу ага жөн гана болушканын билдирүүдө.

Каныбек Сагынбаев — эгемен  Кыргызстандын тархындагы эң белгилүү спортчулардын бири. 2010-жылы ал орус бильярдынын бир түрү болгон эркин пирамида боюнча дүйнө биринчилигин жеңип алган.

Сагынбаевдин маеги толугу менен:

Аудио-версиясы:

Тексттик версиясы:

«Мен досум менен бирге үйдү көздөй бара жаткам. Ал жакта 3-4 унаа бар болчу. Мен оң жагында бара жаткам, анан тескөөчү токтотту, бирок мен анын ортодо бара жаткан унааныбы же кимди токтотуп жатканын так байкай алган жокмун.

Мен маршруттук таксини айланып өтүп жолумду улай бердим. Анан Совет жана Донецкий көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырак кызыл күйүп мен токтодум, анан бир унаа мени кыса токтоду, ал мамлекеттик дагы, Жол кайгуул кызматынын дагы унаасы эмес болчу. Андан үч кызматкер түштү, алардын бирөөсү формачан, калганы жарандык кийимчен болчу.

Алар келип эле унаанын эшигин ачып, ачкычымды жулуп алып туруп «Эмнеге токтобойсуң?» деп, мени күчкө салып чыгара башташты.

Мен: «Эмнеге? Силер кимсиңер?» десем ал [жарандык кийимчен] мени биринчи болуп уруп калды, а мен жерге жыгылып калдым, анан беркилери чуркап келишип мени бетке тебишти. Мен жыгылып бетим канап баштаганда анан досум келип жардам берди.

Досум тескөөчү менен уруша кетти, [бирок] негизинен соккуларды мен көп жедим. [...] Алар биринчи уруп башташкан, досум аларды урдубу жокпу менин эсимде жок… Анткени мен тигил тескөөчү менен бирге арыкка жыгылып калган болчумун.

Мейли мен бир аз мас абалында болчумун. Бирок мен адекваттуу, эс-учум менен болчумун да, процессти көзөмөлдөп, нормалдуу эле сүйлөп жаткам. Мен эч нерсе деген жокмун, эч нерсе сураган эмесмин, а алар болсо мени биринчи болуп уруп, мурдумду сындырып, көзүмдүн айланасын жарышты. Бүгүн ооруканага жатам».

Автор: Бектур Искендер