Бишкек мэриясы 8-мартка карата белектер үчүн 1 млн. сом сарптайт

Борбордун бийлиги Аялдардын эл аралык күнүнө карата белектер үчүн тендер жарыялады — мэрия белектерге 1 млн сом сарптаганы жатат.

Тендер жөнүндөгү жарыя Мамлекеттик сатып алуулардын расмий сайтында 17-февраль күнү пайда болгон.

Сатып алуучу уюм катары Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы атаандаштык саясат боюнча башкармалыгы көрсөтүлгөн. Тендердин жеңүүчүсү борбордун мэриясынын маданият башкармалыгына белектерди жеткирүүгө милдеттүү болот.

Мэрия Аялдардын эл аралык күнүнө карата белектерди сатып алуу үчүн төлөп берүүгө даяр сумма туура 1 миллион сомду түзөт.

Билдирмеге ылайык, ал акчаларга эмеректерди, аксессуарларды, тиричилик техникасын жана тазалоо каражаттарын сатып алуу пландалып жатат.

Мэриянын басма сөз кызматы ал билдирменин жайгаштырылышы боюнча түшүндүрмө бере алган жок.

«Мен ал тендерди көрө элекмин, түшүндүрмө дагы бере албайм», — деди Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде Бишкек мэриясынын басма сөз катчысы Чынара Усупбаева.

«Бизге жайгаштыргыла деген»

Тендердик билдирүүдө байланыша турган адам катары мэриянын Атаандаштык саясат боюнча башкармалыгынын кызматкери Мирбек Молдакунов көрсөтүлгөн.

Мирбек Молдакунов тендердин чоо-жайын ачып бере алган жок
Мирбек Молдакунов тендердин чоо-жайын ачып бере алган жок

Kloop.kgнин кабарчылары аны менен байланышканда ал тендердин чоо-жайын билбей тургандыгын айтты.

«Алар бизге буйрутма беришет, билдирме жөнөтүшөт, а биз тендер өткөрөбүз. Суроолордун бардыгы Маданият башкармалыгына», — деди ал.

Мэриянын маданият башкармалыгынын кызматкерлери да тендерге жооптуу адамдын «кеңешмеде» экендигин билдиришип, Kloop.kgнин кабарчысына түшүндүрмө бере алышкан жок.

«Жарытпаган популизм»

Ал ортодо тендер жөнүндөгү билдирүү социалдык түйүндөрдүн кээ биринде нааразычылыктарды жаратты.

Мамлекеттик сатып алууларга байкоо салып келген жарандык активист жана мурунку дипломат Адил Турдукулов шаар бийлигинин бул аракетин «жарытпаган популизм» деп атады.

«Кытайда казынанын акчасына белек сатып алууга тыюу салынган. Орусияда да чиновниктер үчүн «көңүл буруунун белгиси» катары концелярдык буюмдарды гана калтырууну сунуштап жатышат. Бирок албетте алар бизге жарлык эмес», — деп жазган ал өзүнүн «Фэйсбуктагы» баракчасына.

«Мэрия 8-мартка карата туура 1 млн сомдук белек сатып алууга кам көрүп койгон. Мунун бардыгын жарытпаган популизм жана муниципалдык каражатты максатсыз пайдалануу деп эсептейт» деп улаган ал.

Автор: Нурия Рыскулова