Мэрияга тиешелүү же ал тарабынан ижарага берилген унаа токтотуучу жайлар аларды башкарууга байланышкан көйгөйлөр чечилгенге чейин убактылуу бекер болот — бул тууралуу калаа башчысы Кубанычбек Кулматов шаардык кеңештин жыйынында билдирди.
18-февраль күнү Кулматов мэрия муниципалитеттин карамагындагы унаа токтотуучу жайларды башкаруунун саясатын аныкташы керектигин билдирди.
«Талкууланып жаткан көйгөйлөр бардык жол-жоболорду өзгөртүп, унааларды токтотчу жайлар үчүн жер тилкелерин бөлмөйүнчө чечилбейт», — деп жазган АКИпресс маалымат агенттиги Кулматовдун айткандарын.
Мэр унаа токтотуучу жайларды башкарууга көзөмөл жүргүзүү иштери жөнгө салынмайынча алар бекер болоорун кошумчалады.
«Мэрия муниципалдык унаа токтотуучу жайлар боюнча чараларды көрө баштайт. Менин оюмча, бизге велосипедди ойлоп табууга туура келбейт. Мен өзүм ал акчаларды төлөйм да чек талап кылам. Бул тармакта система жок, мен андагы коррупцияга кол шилтеп койгум келбейт. Жерлерди аутсорсингге берип салуу көйгөйдү чечпейт», — деди ал.
Унаа токтотуучу жайларга көзөмөл жүргүзүүдөгү көйгөйлөр борбор калаанын бийлиги тарабынан биринчи жолу көтөрүлбөй эле — өткөн жылдын ортосунда мурунку мэр Иса Өмүркулов унаа токтотуучу жайлар тармагында коррупция бар экенин мойнуна алган.
Анда мэрия унаа токтотуучу жайлардын бардыгын тең ижарачыларга берүүнү пландаган.