Кадамжай: Кутурма менен катталган кишинин абалы оор

Кадамжай районундагы Кыргыз-Кыштак айылдык аймагынын 35 жаштагы тургуну тамак жеп-иче албай, дем алусу кыйындап кечээ оруканага кайрылган. Текшерүүдөн кийин кутурма илдети менен оруганы аныкталып, учурда анын абалы өтө оор, дейт башкы дарыгер.

“Бир жыл мурун кошунасынын ити тиштегенин айтты. Бирок эч бир дарыгерге кайрылган эмес экен. Учурда ал инфекциялык бөлүмгө которулуп, кутурма орусу аныкталды. Азыр абалы өтө оор”,–деп белгиледи Кадамжай райондук ооруларды алдын алуу жана санэпид көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Исмаил Карабаев.

Карабаев кошумчалагандай, ооруканага кутурмасы күчөгөн абалда акыркы эки жылдын ичинде кайрылгандар болгон эмес.

Ал эми былтыркы жылдын көрсөткүчү боюнча ит тиштеп жана малдардан кутурма жуктуруп алган 500дөй кишиге алгачкы жардамдар көрсөтүлгөн.

Автор: Тазим Жекшенбаева