Казакстандан Кыргызыстанга спирт алынып өткөрүлгөн түтүк табылды

Чүйдөгү “Токмок” чек ара бекетинин аймагынан контрабанда жолу менен Казакстандан Кыргызстанга спирт өткөрүлгөн шланг табылган. Мамлекеттик чек ара кызматынын билдиришинче, түтүк Чу дарыясынын түбүнөн казылып өткөрүлгөн.

“Шланг Чу дарыясынын жээгине көмүлүп, үстүнөн таштар менен бастырылган жана дарыянын асты менен кыргыз-казак чек арасы аркылуу тартылган”,–деп айтылат Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында.

Түтүктүн узундугу беш жүз метр, диаметри жыйырма милиметр болгон.

Бул Казакстандан Кыргызстанга түтүк аркылуу спирт алып өтүү боюнча алгачкы учур эмес – 2013-жылдын август айынын ортосунда, Мамлекеттик чек ара кызматы, Чу дарыясы аркылуу спитр түтүгү тууралуу ушундай эле пресс-релиз жиберген болчу.

Салыштыруу үчүн
Сол жакта – 2013-жылдын 15-августунда жиберилген пресс-релиз, ал эми оң жакта – 2014-жылдын 18-февралындагысы.

Bez-imeni-4