Өкмөт Кара-Балтадагы кытай заводунун ишин убактылуу токтотту

Талаштуу маселелер чечилгенге чейин мунай иштетүүчү кытай заводунун ишмердүүлүгү убактылуу токтотулат — мындай чечим премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев тарабынан кабыл алынды.

18-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы «Джунда» кытай заводунун ишине байланышкан талаштуу маселелерден улам Сатыбалдиев ишкананын ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуу чечимин кабыл алганын билдирди.

Бирок басма сөз кызматы вице-премьер Тайырбек Сарпашев башында турган өкмөттүк комиссиянын кайсыл «талаштуу маселелерди» чечкени жатканын тактап түшүндүрмө берген жок.

«Джунда» кытай заводу  — Кыргызстандагы мунай иштетүүчү борборлордун алгачкыларынын бири. Анын крулушу 2009-жылы эле башталган жана бийликтегилер билдирип жаткандай, заводдун салык катары өлкө казынасына жылына 5 млрд сом которуп тураары күтүлүүдө.

Кыргызстан ал каражат менен америкалык Транзиттик жүк ташуу борбору чыгарылгандан кийин пайда болчу жоготуулардын бир бөлүгүн толуктоону көздөп жатат.

Акыркы жылдары Кара-Балтадагы мунай иштетүүчү заводдун ишмердүүлүгү ишкананын айлана-чөйрөнү булгап жаткандыгына нааразы болгон жергиликтүү тургандардын даттанууларын жаратып келет. Алар үстүбүздөгү айдын ичинде эле ишкананын ишмердүүлүгүнө байланышкан эки митинг өткөрүшкөн.

Кайталанган нааразычылык акциялар февралынын ортосунда заводдун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча комиссиянын түзүлүшүнө себеп болду. Анын курамына шаардык жана райондук кеңештердеги фракциялардын депутаттары, тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен заводдун жетекчилиги кирген.

Аймакта экология маселелер 2012-жылдан бери көтөрүлүп келет жана алар ар дайым Кара-Балтанын жашоочуларынын саламаттыктарынын начарлап жаткандыгы жана мунай иштетүүчү завод тараптан келген жагымсыз жыт тууралуу даттануулары менен коштолуп келет.

Компаниянын өзү болсо заводдун жергиликтүү тургундарга эч кандай зыян келтирбестигин жана алардын дарегине айтылып жаткан экологиялык дооматтардын негизсиз экендигин бир нече жолу билдирген.