Кызыл-Жар психатриалдык ооруканасындагы «козголоңдон» 9 киши жабыркады

Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Жар психатриалдык ооруканасынын бейтаптары милициянын тинтүүсүнөн кийин «козголоң» чыгарышты. Жаңжалдын жыйынтыгында 9 киши жабыркады.

Бейтаптар менен милициянын ортосундагы кагылыш 17-февралда — укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан бөлмөлөрдө тинтүү иштери баштагандан кийин болгон. Бул тууралуу Kloop.kgге берген маегинде Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Анарбек Алимахунов билдирди.

Жалпысынан жаңжалдын жыйынтыгында медицина жана милиция кызматкерлеринен турган 9 киши жабыркашкан. Алар учурда жергиликтүү ооруканага жеткирилишти.

«Ыкчам-тергөө тобу атайын иш-чара өткөрүп жаткан, бейтаптар менен болгон кагылыш ошол маалда башталган. Анын жыйынтыгында алар имараттын ичине бекинип алышкан», — деди ал.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматтары боюнча, бейтаптарды тынчытуу үчүн милицияга ок атууга да туура келген.

Учурда бир нече саатка созулган «козголоң» токтотулду. Окуя болгон жерде саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева жүрөт.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, ооруканада маңзат табылган.

Ооруканадагы тинтүү Балыкчыдагы милиция кызматкеринин өлтүрүлүшүнөн кийин башталган — анда укук коргоо органдарына каршы ок чыгаргандардын бири психатриалдык ооруканадан качып кеткендиги айтылган.

Автор: Айзирек Алмазбекова