Орусияда «Дизель» кыргыз форумуна бөгөт коюлду

Кардардын укуктарын коргоо жана адамдардын саламаттыгы тармагы боюнча көзөмөл жүргүзүү федералдык кызматы 17-февралда Кыргызстандагы эң популярдуу «Дизель» форумун Орусиянын аймагында тыюу салынган сайттардын тизмесине киргизди.

Кардардын укуктарын коргоо тармагы боюнча көзөмөл жүргүзүү федералдык кызматынын тыюу салынган сайттардын тизмесине ылайык, бөгөт коюу чечими 17-февраль күнү кабыл алынган.

Азырынча Орусиянын аймагында сайттын эмне себептерден улам тосмолонгондугу түшүнүксүз — форумга карата даттануу 2012-жылдын ноябрынын соңунда келген.

Бөгөт коюуунун мүмкүн болгон себептеринин бири андагы өзүн өзү өлтүрүүнүн ыкмалары сүрөттөлгөн билдирүү болушу мүмкүн — бул тууралуу vesti.kg маалыматтык порталына берген маегинде сайттын администратору жана ээси Малик Абдугалыев билдирген.

«Форумга ушул түнү бөгөт коюлду. Менин түшүнүшүмчө, буга колдонуучулардын биринин блогунда жазылган өзүн өзүн өлтүрүүнүн ыкмалары себеп болгон», — деди ал.

Абдугалыевдин айтымында, көп өтпөй аталган билдирүү өчүрүлүп, ал тууралуу жогорку жактагы интернет таркатуучуга билдирилген. Учурда порталдын жетекчилиги интернет-ресурстун тыюу салынган сайттардын тизмесинен чыгарылышына жетишүүгө аракет кылууда.

Форумдун Zmeja деген ат менен жазган администраторлорунун бири Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон жазышуусунда «Дизель» болжол менен кыргыз интернет таркатуучуларында гана ачылып жаткандыгын билдирди.

«Мен түшүнгөндөй, КГ эмес интернет таркатуучулардын башкасынын баарынан кирүүгө мүмкүн эмес», — деп билдирди сайттын администратору.

Тыюу салынган сайттардын тизмеси

Орусияда тыюу салынган маалыматтардын бирдиктүү тизмеси 2012-жылдын 1-ноябрынан баштап күчүнө кирген. Ал тизмеге балдар үчүн зыяндуу маалыматтарды камтыган сайттар киргизилет.

Орусиянын балдарды зыяндуу маалыматтардан коргоо жөнүндөгү мыйзамына ылайык, байланыш операторлору менен интернет таркатуучулар порнография, өзүн өзү өлтүрүүгө үгүттөө жана маңзаттарын жарнамалоо тууралуу маалыматтарды камтыган баракчаларга бөгөт коюуулары керек.

Тыюу салынган сайттардын тизмесин толуктоого Орусиянын үч федералдык кызматы жооп берет. Алар — маңзатына көзөмөл жүргүзүү, байланыш тармагын көзөмөлдөө жана кардарлардын укуктарын коргоо тармагын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматтар.

Интернеттеги порнографияга каршы күрөшүү үчүн жооп берген Орусиянын Ички иштер министрлиги да сайттарды «кара» тизмеге киргизе алат.

«Дизель» 1998-жылы ачылган жана андан бери анын бөлүмдөрүнүн саны колдонуучулары ар түрдүү — саясаттан баштап үй жаныбарларын сатууга чейин талкуу жүргүзгөн 80ден ашык бөлүмгө чейин өсүп жеткен.

2013-жылга чейин ал Кыргызстандагы эң популярдуу веб-сайт болгон — аны лидерлик орундан учурдагы эң көп колдонуучу кирген «Намба» порталы төмөн жылдырган.